www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовду зекиди.

Төрт министрдин талапкерлигин кароо талашка түшүп жатканда депутат Айбек Осмонов өкмөт башчынын келишин талап кылып жаткан.

"Бизди артыбыздан бирөө кууп келе жатабы. Ушинтип шашып коё берип каякка келдик. Буга чейинки министрлерге Акылбек Үсөнбекович жооп берем деген, келбейби азыр. Алмасбек Ахунжанович, буларга сиз жооп бересизби? Өзүбүздүн ишибизди аткаралы, кошоматтык кылбай", — деди Осмонов.

Ошол учурда президенттин өкүлү сөз сурады. Бирок вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев аны укпай, министрлерди залдан чыгарып, Акылбек Жапаровдун келишин талап кылуу боюнча сунушту добушка койду.

Анан Абытов "мага сөз бербейсизби? Сизден расмий түрдө сөз сурап жатам. Мен сиздер менен кайым айтышканы келген жокмун. Президенттин ыйгарым укуктарын айтып берип жатам" деп кайрылды.

Сыдыгалиев өкүлдүн унчукпай отурушун талап кылды.

"Сизге эки жолу сөз бердим, менден уруксат сурап туруп анан сүйлөңүз. Мен бул жакта добушка коюп атам, микрофонду күйгүзүп алып сүйлөгүдөй кандай акыңыз бар?! Мен дагы бир жолу айтып жатам, унчукпай отуруп туруңуз", — деп добуш берүү бүткөндөн кийин гана сөз берди.

Андан бир нече убакыттан кийин дагы Абытов депутатка дароо жооп берип баштады эле, Сыдыгалиев "анда төраганын ордуна отуруп жыйынды сиз башкарыңыз, эмне уруксатсыз сүйлөп жатасыз!" деп какты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости