www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында  АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги республиканын чек араларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн Тажикстандын Улуттук гвардиясына он жип тапшырды. Тетиктер пакеттери, устакана жана техникалык тейлөө жана окутуу боюнча келген 858 818 долларлык унаалар Улуттук гвардияга чек ара тилкелеринин катаал рельефинде операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. АКШнын элчиси Жон Марк Поммершайм “бул кайрымдуулук Тажикстанга анын чек арасын коргоо үчүн көрсөтүп жаткан жардамыбыздын бир гана мисалы. Биз терроризмге, баңги аткезчилигине жана өзөктүк куралдын жайылышына каршы күрөштө өнөктөш бойдон кала беребиз. Биз чогуу иштегенде күчтүү болобуз” деп белгиледи.

Докладда Кошмо Штаттары 1992-жылдан бери Тажикстанга коопсуздук үчүн 330 миллион доллардан ашык жардам бергени тууралуу маалыматтар келтирилет. Бул жардам окутууну, жабдууларды жана инфраструктураны камтыйт. Анын ичинде АКШ өкмөтү Коргоо министрлигинин тынчтык орнотуучу батальонунун окуу борборун реконструкциялоого жана курууга колдоо көрсөтүп, Коргоо министрлигинин мобилдик аскерлери үчүн 1,5 миллион долларга Магоб полигонун курган.

Тажик тарап кээде биздин чек аралаш жерлерибиз бош жаткандыгына көз артып, алар өз аймагына батпай аткандыгын да айтып, доомат коюшууда. Мындай пикир канчалык негиздүү болот. Союздун учурунда ар бир эл өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша эмгектенген. Мисалы, тажиктер дыйканчылык, өзбектер соода-сатык, ал эми кыргыздар байыркы мезгилде жоокер болуп, мал чарбачылыгы менен алектенишкен. Андыктан алар жерлерин жайыт жана кыштоо катары пайдаланышкан. Демек, аны бош же кароосуз калган жер деп айтуу туура эмес. Ооба, биздин кошуналарыбыз жылма миграция менен чек арабызга гана эмес, үйүбүздүн дубалына чейин жетип келишип, эми үйлөрүбүз менен огородубузга да көз артып, талашууда. Ал эми алардын калкынын саны тездик менен көбөйүп, жерине батпай жатса, анда бул алардын өздөрүнүн көйгөйү жана биз күнөөлүү эмеспиз. Тажик бийлиги эгер Чаркудө эл батпай жатса, аларды башка жакка көчүрсүн же башка жолун тапсын. Дүйнөлүк практикада мындай ыкма жок. Мисалы, 1 миллиард 300 миллион калкы бар Кытай “биз жерибизге батпай жатабыз” деп, кошуналарынын жерин талашкан, доомат арткан жок да.

Дүйнөлүк практикада талаш жерлерди же анклавдарды чечүүнүн жолу – алмашуу болуп саналат. Бул деле туңгуюк жол болгон менен мындан башка ыңгайлуу жолу жок. Бирок жерди мынча квадратка ошончо квадрат деп бөлүү да туура эмес. Себеби жерди сугат экендигине, түз же тоолуу экендигине, анын асты менен үстүндөгү кен байлыктарга, стратегиялык аймагы боюнча онго жакын өзгөчөлүгүнө карап баалап, алмаштыруу керек. Бирок тажиктер ушул цивилизациялуу, эл аралык жолдорду аттап өтүп, биздин жерди күч менен, согуштук ыкмага салып ээлеп алуу аракетин көрүштү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости