www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

«Акцияларынын 46,7 пайызы КР Улуттук банкына тиешелүү болгон жана мамлекеттин менчиги болуп саналган «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын жетекчилиги жеке кызыкчылыгын, жеке баюуну көздөп, жогорулатылган баада товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жолу менен акчаны мыйзамсыз алуу схемасын уюштурган», — деп айтылат билдирүүдө.

Тергөөдө 2021-жылдын декабрь айында ЖАК жетекчилиги имаратты 106 миллион сомго сатуу боюнча келишим түзгөнү аныкталган. Ошол эле учурда коомдун муктаждыктарына жооп бербей, иштөөгө жараксыз болгон. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, имараттын базар баасы 48 миллион 184 миң 512 сомду түзөт.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 57 млн ​​815 миң 488 сомду түздү.

8-ноябрь күнү кылмышка шектүү катары А.У.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости