www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Солтонун ашынан бир шиңгил

53.

Кыргыздын оң – солунан, канатташ казактардан Шабдан баатыр, Чыныбай манап, Тезек төрө, Дыйкан болуш сыяктуу ашка чакырылган эл билермандары дарыядай агылып келе баштады. Учкаяк күлүктөр, жоргосу жолго төгүлгөн жорголор, аттын кулагы менен тең ойногон көк бөрүчү жигиттер, бука моюн, буура сан балбандар, жамбы атаар кыл мергендер, ак таңдай ырчылар, кара жаак чечендер, колу ойногон комузчулар түгөл жыйылган аш көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып турду. Аш тамашасын көрмөккө куштар журт асмандагы жылдыздан көп.

Шабдан баатыр, Чыныбай манап, Тезек төрө, Дыйкан болуш сыяктуу ашка чакырылган эл билермандары  өздөрү үчүн тигилген ак өргөөлөрдө орун алып, аш тамашасы өтүп жатты. Балбан балбанды жерге жыкты. Эрен эренди ээрден аңтарды. Кыз куумайдын кызыгы элге жакты. Кыл мергени атты чаап баратып жамбы атты.

Чолпонкул өткөргөн ашта таз сүзүштүрүүгө эң бир уялбаган шайыр, элге күлкү чыгарган бугу менен жедигердин тазы чыгат. Аларга жаргак шым кийгизилип, жылаңбаштап алып эки кишинин коштоосу менен алып чыгышты. Бул эки таз бири –бири менен сүзүшөт. Жедигердин тазы бугунун тазынын башын канжалата сүзөт. Куудулдугу ашынган бугунун тазы буканы туурап колу менен жерди чапчып, топуракты алып ыргытып, букача мөөрөп, тиги жедигердин тазын маскаралап, элди күлдүрүп жеңишке жетти. Таз сүзүштүрүү оюну көптүн боорун эзди.

Эр сайышка да кезек жетти. Күрөштө жыгылган балбан аман –соо туруп кетет. Ээрден ооп калган эрениң, кайрадан атка минет. Ал эми мына бул эр сайышың жаман. Найзага түшкөн балбан башын өлүмгө байлайт, өлсөм мейли деп, өзүн ажалга арнайт. Эр сайышта эр өлүп деле калат. Өлтүргөн балбан баатыр атка конот.Киши өлтүргөнү үчүн даңазалуу болот. Ал эми өлгөн эрдин кара башынын эле шору, балдары жетим, аялы жесир калат.

Эр сайыш башталмай болду. Казак туускандардын туусу тарабынан Эр Калдаң атыккан, алчы –таасын жеп бүткөн, маш найзакер эки кишини коштоп, ортого бастырып чыкты. Аштын жарчысы Найманбай ырчы заңкылдап жар чакырды:

 

-Оо, казактын Калдаң баатыры,

Эр сайыш эңсеп жатыры.

Эченди аттан аңтарып,

Эр деген атка татыды.

Жыйырманы ээрден кулаткан,

Он бешти көргө суналткан.

Бул баатырлардын баатыры.

Кыргызда буга ким түшөт?

Атан төө же пил түшөт.

Ээлигип турган Эр Калдаң,

Эрлерди койдой үркүтөт.

Ооба, жарчы акындын айтканы чын. Эр Калдаң опсуз зор балбан эле. Жапайы дөөдөй бар. Буга дейре беш эрдин башын жутканы калкагар калкка маалым. Анын даңшаарын казак эмес, кыргыз да уккан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости