www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк оппозициясынан президенттикке талапкер Кемал Кылычдароглу учудагы президент Режеп Тайып Эрдоганды сотко берди. Бул тууралуу Кылычдароглунун жактоочусу Желал Кылыч Twitter баракчасында билдирди.

Соттук териштирүүгө Эрдогандын шайлоо алдындагы дебатта көрсөткөн видеотасмасы себеп болгон. Видеодо күрт согушкерлери Кылычдароглун колдой турганын билдиргени айтылат. Кылычдароглунун адвокаты аталган видео жасалма экенин билдирди.

«Биз Эрдоганга 1 миллион түрк лирасы (50,2 миң доллар) өлчөмүндөгү моралдык зыяндын ордун толтуруу талабы менен сотко кайрылганбыз. Бул акчаны ата-энеси террористтердин аракеттеринен каза болгон балдарды окутууга жумшоону пландап жатабыз», - деди жактоочу.

Ал өз билдирүүсүндө Кылычдароглунду талапкер эмес, «Түркиянын 13-президенти» деп атаган.

28-майда Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. Ага Кылычдароглу жана учурдагы мамлекет башчы Эрдоган катышат. Биринчи турда алардын бири да жеңиш үчүн зарыл болгон 50% добуштун босогосунан өтө алган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости