www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иосиф Сталин СССРди отуз жыл былк эткизбей турган. «Атасы үчүн бала жооп бербейт» деген ураан ошондо чыккан. Ал эми чындыгы атасынын азаптарын балдары канча тартпады. Атаандаштарын «Эл душмандары» атап Сталин убагында балдарын канчалык жанчпады. Бишкектин Биринчи Май райондук соту саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровго карата өкүм чыгарды. Свердлов районунун мурдагы акими КР Кылмыш-жаза кодексинин 254-беренеси («Террористтик аракеттерге көмөк көрсөтүү») боюнча акталып, бирок 332-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») боюнча күнөөлүү деп табылды.

Руслан Бекназаров 2022-жылдын 14-сентябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») боюнча шектелип кармалган. Андан соң Ички иштер министрлиги социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда тыюу салынган экстремисттик, террористтик “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” кыймылынын идеологиясын үгүттөөчү материалдарды жарыялап, тараткан аккаунт аныкталганын билдирген. Козголгон кылмыш ишинин алкагында Бекназаров ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып, кийинчерээк кармалып, СИЗО-1ге камакка алынган. Ноябрда ал үй камагына бошотулган.

Руслан Бекназаров боюнча укук коргоочу Рита Карасартова Фейсбуктагы баракчасында өз пикирин билдирген.

"Биринчи Май райондук сотунда Руслан Бекназаровдун кармалгандыгы негиздүү жана мыйзамдуубу? Руслан Бекназаров Кылмыш жаза Кодексинин экстремистик материалдарды таркатуу беренеси боюнча айыпталууда.

Соттук процесс башталганга чейин Руслан мырза менен сүйлөшсөм, ал Афганистанга Талибан бийлик болуп келгенде, Талибан жөнүндө жазгам (биздин расмий бийликтеги Масадыков мырза, ал жерге гуманитардык жардам менен барып келген да), бирөөгө барса болот, башкага жазса болбойбу деген суроо жаралат. Анан Халифат деген түшүнүк кайдан пайда болгон, эмнени билдирет, кайсы элде колдонгон жазгам дейт. Ал нерсеге чакырык жасаган эмесмин, расмий экстремистик материалдарды жайылткан эмесмин, деп айтып берди", - деп жазган Рита Карасартова.

Руслан Бекназаров 2022-жылдын 15-июнунан бери Свердлов районунун акими болуп эмгектенип жаткан. Малайзиядагы мурдагы элчи Азимбек Бекназаров «Кумтөр» маселеси жана башка бир топ орчундуу проблемалар тууралуу. Бекназаров – «алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзия ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына» байланыштуу 2022 жылы 5-августта кызматтан алынган, бирок 2 жыл ичинде эч сөгүш же башка жаза албаган, ошол эле убакта өкмөткө жүздөн ашуун кат жөнөтүп, сунуш айткан, бирок эч жооп алган эмес. Белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров дүйнө жүзүн чоочулаткан Украинадагы согуш тууралуу пикирин билдирген. Анын айтымында, Украина Орусия менен согушкан жок, тескерисинче, НАТО менен согушуп жатат. Атасы үчүн баласы жооп береби?

 2022-жылдын 14-сентябрында Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Судьялар жактоочунун өтүнүчүн канааттандырбай, аны камакта калтыруу чечимин чыгарышкан, 2-ноябрда гана ал үй камагына чыгарылган. «Баласы атасы үчүн жооп бербейт! Руслан Бекназаровду бошоткула!» деп  “Азаттык” партиясы бийликке кайрылган.

«Урматтуу калайык калк!

Кыргыз  Республикасынын Конституциясы, мамлекеттик деңгээлде кол коюлган эл аралык келишимдер бийликти адам укуктарын жана эркиндигин сыйлоого милдеттендирет.

Бирок, акыркы мезгилде коомчулукту тынсыздандырган окуялар байма бай орун алууда. Тактап айтканда, эл ичинде нааразычылыктар арбып, багыты башка ой жүгүрткөндөрдүн камакка алынышы, активисттердин кармалышы, көз карандысыз массалык маалымат каражаттарынына карата козголгон соттук териштирүүлөр өлкөбүздөгү жаңы саясий доордун башталышынан кабар берүүдө.

Ошондуктан “Азаттык” саясий партиясы бийлик кимдир-бирөөнү камоодон мурун коюлган айыптар, өзгөчө бийликтин оппоненттерине болгон айыптар мыйзам негизинде, четке кагылгыс, салмактуу далилдер менен бекемдешин талап кылабыз.  Анткени, чындык бузулганда-бийлик бузулат! Ошондуктан, бийликти оппоненттеринин альтернативдик пикирин сыйлоого чакырабыз.

Баласы атасы үчүн жооп бербейт! Андыктан, Руслан Бекназаровдун экстремизмге байланыштуу милицияга суракка чакырылып, жыйынтыгында убактылуучу жайга киргизилгенин саясий куугунтук деп эсептейбиз! Анткени, Руслан Бекназаров мамлекет үчүн күйгөн, тажрыйбалуу, билимдүү, ар тараптан өнүккөн, жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө чакырган жаш муундун өкүлү.

Буга чейин Руслан Бекназаровду эл ишенип айыл өкмөт кылып шайлаган. Ал жөн гана Айыл өкмөтү эмес инвесторлорду тарткан, элдин жашоо-шартын жакшыртууга шарт түзгөн мыкты Айыл өкмөтү болгон. Президенттин Администрациясында иштеген. Бул кызматка дайындалаарда атайын коопсуздук кызматты текшерүү жүргүзгөн. Анан бийлик бүгүн кантип аны экстремизмге байланыштуу каралап жатат?

Көөдөнүндө мекенчилдик, көкүрөгүндө динди ыйык туткан адам эч качан мамлекетке каршы чыкпайт! Ошондуктан биз Руслан Бекназаровдун актыгына ишенебиз жана ага карата жасалып жаткан саясий куугунтукту токтотууну талап кылабыз!»

“Азаттык” партиясынын саясий кеңеши.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости