www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоодон 40 млн сом желген

Башкы прокуратура Ош-Баткен-Исфан унаа жолунун асфальт-бетон төшөлмөсүн оңдоо иштерин жүргүзүүдө 40,8 млн сом жеке кызыкчылыктарга пайдаланылып кеткенин кабарлады. 

Маалыматка ылайык, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасына текшерүү жүргүзүлгөн.  Жыйынтыгында ишкананын кызмат адамдары өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышканы аныкталган. 

«2022-жылы Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Кадамжай-Чечме участогуна 20 км узундуктагы асфальт-бетон төшөлмөсүн оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча “Т.и.К.” ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн. Анда 40 млн 888 миң сом бюджеттик акча каражаттарын мыйзамсыз өз кызыкчылыктарына колдонуп жиберишкендиги аныкталган. Ошол эле учурда, “Кыргызавтожол” МИнин мурдагы башкы бухгалтери Б.О., ишкананын директорунун орун басары А.А. эч кандай баштапкы ырастоочу документтерсиз жана ишкананын директору менен макулдашуусуз “Т.и.К.” ЖЧКму тарабынан аткарылбаган иштердин жалпы көлөмүн кыскарткан. Карыздын иш жүзүндөгү суммасын жашыруу максатында 12 млн. 681 миң сом акча-каражатын “Кыргызавтожол” МИнын эсебинен “Т.и.К.” ЖЧКму пайдасына чыгарып салган», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210- беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иш козголгон. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости