www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө отуздун ашуун миллион калкты батырып, суу деген проблема жок жашаган мегаполистер толтура. Расмий Бишкекте миллионго жетпеген калк жашайт. Сууга чукак экенибизди Эмил Абдыкадыров мэр болгону уктук.Кыргызстан суунун башындагы өлкө го, Каракалпакстанга окшоп суубуз жок болсо бир жөн эле. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев калаада суу болгону менен аны туура колдонуу чабал экенин айтты. Эл өкүлү шаардын түштүк тарабында суу жок экенин билип туруп көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат берүү акылга сыйбай турганын белгиледи.

Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев азыр көйгөй Ленин районунда гана экенин айтты: "Шаардыктардын 12 пайызына гана суу өлчөгүчтөр коюлган. Бул өтө төмөнкү көрсөткүч. Андыктан азыр биринчи кезекте Арча-Бешикке өлчөгүчтөрдү коюуну пландап жатабыз", — деди Шамыралиев.

Депутат тез арада өлчөгүчтөр Бишкектин баарын камтышы керектигин жана суунун майнапсыз колдонулушу өтө көп болуп жатканын айтты. Ал бирөө каалагандай колдонсо, экинчиси өлчөгүчкө карап төлөгөнү адилетсиздик деп атады. Вице-мэрдин айтымында, бир адамга суунун керектелүүчү нормасы суткасына 170 литр, бүгүнкү күндө ал 500 литрге чыгып кетүүдө. Кышында баарына суу жетип турат, бирок күндүн жылышы менен керектөө эки эсе көбөйөт: "Ушул көйгөйдүн баарын билесиңер, бирок алдын албай жатасыңар. Андыктан бизде суу бар, болгону мээбиз бир аз ордунда эмес дээр элем", — деди Бекешев.

Ошондой эле Шамыралиев борбор калаада суунун жоготуулары 70 пайыз экенин, ал эми суу түтүктөрүнүн 70-80 пайызы эскиргенин билдирди. Бишкектеги суу маселесин чечүү үчүн кеминде 500 млн сом керектелет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

Анын айтымында, суу алгычтарды кеңейтүү иштерин жүргүзүү үчүн “Баш-Карасуу” суу алгычынын жанынан 4 гектар, “Сельский” суу алгычынын жанынан 3 гектар, “Контррезервуар” суу алгычынын жанынан 4 гектар жер тилкесин бөлүү зарыл. Ал белгилегендей, суу көйгөйүн чечүү максатында Арча-Бешик конушундагы Айылчиев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө суу түтүгүнүн курулушу аяктоо алдында турат.

Эгер суу кампа курууга үч жер тилке бөлүнүп, быйылкы бюджеттен каражат берилсе, эмки жылы суу тартыштыгы жаралбайт.Ал айтылган шарттар аткарылса бир жылдын ичинде көйгөй толугу менен чечилерине вице-мэр катары кепилдик берди. Ал үчүн 500 миллион сомдун тегерегинде каражат керектелет: "Ички чарбалык иштерге, суу түтүктөрүн өткөрүүгө акчаны мэриядан карап атабыз. Жаңы суу кампаларына республикалык бюджеттен жардам көрсөтүлсө "Баш-Кара-Суу" жаңы суу кампасына төрт гектар жер, 150 миллион сом керек болот. Андан кийин Сельский деген үч гектар жер тилкесине суу кампа курууга 120 миллион сом, Контррезервуарга жер тилке үчүн 180 миллион сомдой талап кылынат. Эгерде ошонун баары бизге берилсе, Бишкекте бүгүнкүдөй көйгөй жаралбайт", — деди Шамыралиев.

Вице-мэрдин айтымында, ошондо гана Арча-Бешик конушу тарапка өзүнчө кампадан суу берилип каларын кошумчалады. Арча-Бешик конушуна суу бериле баштаганы айтылды. Ал эми калган конуштар менен участоктордун суу  маселелери да каралып, көйгөйдү чечүүнүн жолдору тууралуу «Бишкексууканал» башкармалыгы өзүнүн компетенциясынын чегинде кырдаалды турукташтыруу аракетин көрүп жатканын кабарлады. 

Натыйжада Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча:
— "Баш-Карасуу", "Сельский", "Контррезервуар" суу алгычтары кеңейтүү, жаңы 3-4 скважинаны бургулоо үчүн Көк-Жар айыл өкмөтүнүн аймагынан Аламүдүн дарыясынын жайылмасынан жер тилкесин бөлүп берүү; 
— Жашыл аянттарды сугаруу, күндүзгү таза сууну сарамжалсыз пайдалануу боюнча рейддерди жүргүзүү; 
— Түштүк-Батыш суу алуучу жайынан Адышев көчөсүнө чейин 1 чакырым узундуктагы суу түтүгүн салуу, Көк-Жар суу алгычында 2-баскычтагы насостук станциясын куруу, - сыяктуу бир катар пландарын билдирди. 

Мындай аракет Арча-Бешик конушуна, Жал кичи районуна жана Садырбаев көчөсүнүн боюндагы аймакка сууну үзгүлтүксүз жеткирүүнү, Скрябин, Горький, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн, Көк-Жар, Улан -2 кичирайондор менен чектешкен аймактарды ичүүчү таза суунун көлөмүн көбөйтүүнү камсыздайт. 

Арийне, суу көйгөйү бүгүн эле чыга калган жок. Бир нече жылдан бери эле көтөрүлүп, айтылып келе жаткан маселе болчу. Бирок, шаар бийлиги анчейин маани берген эмес. Кайдыгерликтин кесепети бүгүнкү абалга алып келди. Анан тоок туурунда какылыктайт болуп, жедеп көйгөйлөр чечилбей үйүлө берип, суу таңсыктыгы өөрчүп кетти. Учурдагы жагдай мэрдин жана анын командасынын шалаакы жоопкерчиликсиз мамилесин көрсөттү. 

Негизинен алганда чиеленишкен көйгөй көп. Биринчиден, геодезиялык картанын жоктугу. Натыйжада, жол салууда, коммуникацияларды оңдоп-түзөөдө сууну түтүктөрүн жаңылоо аракети көрүлгөн эмес. 
Анткени, соңку жылдары көп кабаттуу ар кандай имараттар көп салынды. Сууну көп өлчөмдө кубаттуулугу чоң суу соргучтар менен сордуруп иштетип жатышат.
Андыктан, мэрия бул багытта бир топ иштерди жасаш керек эле. Көп кабаттуу үйлөргө ичүүчү таза сууга туташтырууда тарифтерди квартиралардын квадратына жараша көтөрүү керек болчу. 
Автомойкалардын ар бирине саркынды сууларды кайра иштетүүчү мембраналык системаны койдуруп, корогон сууларды чыпкалап кайра техникалык суу катары пайдалануу талабын киргизиш зарыл эле. 

Анан маселени чечүүнүн ордуна "элдин саны көбөйүп кетти ошого суу жетпей жатат, өзүңөр эмне анан баня куруп аласыңар, бак, огород сугарасыңар, кар, мөңгү эрибей, суу келбей жатса өлөлүбү", - деген өңдүү шылтоолор суу кечпейт. 

Ошол көбөйгөн элдин көп сандаган салыгын алганда жакшы анан алардын жашоо шартын жакшыртууга келгенде эл жаман, эл күнөөлүү болуп калабы? Мамлекеттин биринчи байлыгы — эл. Эл көбөйгөн сайын мамлекет ошого жараша иш жүргүзүп, шарт түзүүсү керек. Азыр 21-кылым. Технология өнүктү. Иштейм, элге шарт түзөм деген жетекчи үчүн мүмкүнчүлүк толтура. Мөңгүнүн эришин акыйып күтүп, суу келбей жатат деп алакан жайып отура бербестен, жер астынан артезиян суу чыгарып, резервуарга кошуш керек болчу. 
Огородуңарды, багыңарды эмне сугарып жатасыңар, мончо салбагыла деп элди кекетип, наалыбай, ирригацияны жолго коюп, ар бир көчөгө сугатка суу келгидей шарт түзүш милдет эле. Бишкек деген сугатка абдан ыңгайлуу жер. Суу жогору жактан түшөт. Насостун да кереги жок. 

Булардын баарын жакшынакай жазып, пландап, схемасын чийип өкмөттү, парламентти ынандырып, "минтпесек 1 000 000 калк жашаган борбордо суу коллапсы болот" деп коңгуроо кагып, иш алып баруу керек. Суудан тушкон акчаны сууну жакшыртууга жумшаш керек. Жетпесе, республикалык казынадан каражат бөлдүрүү зарыл. Тариф төмөн деген болбогон нерсе. Анткени мына "тазалыктын акчасы аябай аз, эч нерсе кыла албай жатабыз" деп таштанды тарифин көтөргөндөн шаар таза болуп кеткен жок. Маселе адамдын, жетекчинин өзүндө. Мектеп, бала бакча куруу көчөлөрдү брусчаткалоо деген мэриянын ансыз да жасай турган чарбалык иштери. Ал эми мыкты жетекчи келечекке карап иш кылат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости