www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облустук соту Кылмыш-жаза кодексинин «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси боюнча айтыпталып жаткандарды актаган. Толук маалыматты “Адилет” укук коргоо уюмунун юристтери билдирди.

Алардын айтымында, буга чейин биринчи инстанция айыпталуучуну сегиз жылга эркинен ажыраткан, бирок экинчи инстанциядагы сот бул өкүмдү жокко чыгарган. Облустук сот соттолуучунун 43 жаштагы жеңесин да актады.

Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, жаш келиндин өлүмүнө айтыпталып жаткан күйөөсү менен жеңеси сүйүү мамилесинде болгон.

Маркумдун жана анын жакындарынын кызыкчылыгын Жалал-Абаддагы “Адилет” укук коргоо уюмунун адвокаты Равшан Абдуллаев коргоп жатат.

Анын айтымында, аял 2021-жылдын 2-ноябрында беш айлык боюнда бар кезинде өз жанын кыйган.

Маркумдун жакын чөйрөсү айыпталуучу жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептейт. Көрсөтмөлөр жана аялдын өз жанын кыйганы тууралуу каты анын өлүмүнө экөөнү тең катыштыгы бар деп эсептегенин көрсөтүп турат.

Катта маркум аял күйөөсү менен жеңесин күнөөлүү деп атап, мындай кадамга баруусунун себептеринин арасында алар тарабынан дайыма кысым жана кемсинтүүлөр болуп келгенин атаган. Ал катты маркум Саламат жазганын кол жазма экспертизасы тастыктаган.

Анын өкүлдөрү Жогорку Сотко кассациялык арыз даярдап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости