www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга шектелип УКМК тарабынан Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин кармалганы негедир бийлик тарапта жылма тиреш бардыгына ачык мисал экени социалдык тармактарда сөз болуп жатат. Азыр коомдогу айтылып жаткан сөздөр боюнча, бир тарапта Башкы прокурор Курманкул Зулушев болсо, экинчи тарапта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев болуп тиреш катуу жүрүп жатат дешүүдө. «Айран ичкен кутулат, челек жалаган тутулат» болуп ортодо бул тирешке тиешеси бар «чиништерге» катуу тийүүдө. Алдына ала маалыматка караганда, Самаев “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында аныкталган коррупциялык иштерге катыштыгы бар делип кармалган.

Белгилей кетсек, УКМК тарабынан “Токмок жылуулук” МИнин борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталган. Келтирилген зыяндын суммасы 130 млн сомдон ашат. Бийликтин эки тизгин бир чылбырын кармаган эки достун арасында пикир келишпестик, таасир талашуу күн өткөн сайын өөрчүп жатканы коомчулукта кеңири талкууланууда. Мындан улам, экөөнүн таасир талашканын объектиси катары кадрдык өзгөрүүлөрдүн орун алышы аргумент катары айтылууда. Өткөн жумаларда эле иштен алынышкан Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов менен биринчи орун басары Данияр Жаныкуловдун бири-бири менен болгон тиреши, таасир талашкан интригасы да, эки достун тирешинен чыккан маселе деген талкууга жем таштаган болчу.

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалганы тууралуу УКМК маалымат берип, аны кармоо учурундагы сүрөттөрдү таратты. Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшүүнүн алкагында Токмок шаарынын мэри У.Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталды.

Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган. 2023-жылдын 17-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Токмок шаарынын мэри кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости