www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык мушкерлер Өзбекстанда өтө турган боюнча боюнча эркектер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын бокс федерациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, мелдеш Ташкент шаарында 1-14-майда болуп өтөт.

Чемпионаттын жалпы байге фонду 5,2 млн долларды түзөт. Мелдеште жеңүүчү аталгандарга 200 миң доллардан, күмүш айге тагынгандарга 100 мин жана үчүнчү орун үчүн 50 мин доллардан каралган.

Эскерте кетсек, Ташкентте өтө турган дүйнө чемпионатына 10дон ашык мамлекет бойкот жарыялаган (АКШ, Канада, Чехия, Ирландия жана Швеция ж.б.). Буга чейин Kun.uz сайты бойкотко Эл аралык бокс федерациясынын (IBA) президенти Умар Кремлёвдун орус президенти Владимир Путинге жакындыгы жана анын уюму «Газпромго» көз каранды экени да себеп болгонун жазган.

Бойкот жарыялаган өлкөлөр Украинага басып киргени жана согушту колдогону үчүн Орусия менен Беларусту ар кандай мелдештерден четтетүүнү талап кылып келет.

Орусиянын «Газпром» ишканасынын демөөрчүлүгү менен Ташкентте өткөрүлө турган бокс чемпионатынын байге фонду 5,2 миллион долларды түзөт (биринчи орунга 200 миң доллар, экинчи орунга 100 миң доллар, үчүнчү орунга 50 миң доллар).

Эл аралык олимпиада комитети 2023-жылдын 2-февралында Орусия менен Беларуска каршы санкцияларга кошулган жана бул өлкөлөрдүн желектерин, гимндерин спорттук мелдештерде колдонууга тыюу салынган. Мындай чечимге көптөгөн украиналык мушкерлер жана машыктыруучулардын Орусия баштаган согушта набыт кеткени себеп болгон.

Өзбекстандын бокс федерациясы бойкот боюнча билдирүү жасап, алар уюштуруучу маселелер менен алектенерин, мелдешке кайсы өлкөнү катыштырып-катыштырбай коюуну чечпей турганын билдирген. Өзбекстан дүйнө чемпионатын өткөрүүгө укук алган мезгилде Орусия менен Беларустун эл аралык мелдештерге катышуусуна чектөөлөр болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости