www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-майда өтө турган жалгыз мандатка жанталашып жайнаган талапкер ат салышууда. Бул жерде түшпөс хан болгусу келген Көтани жана Мадылбеков Элдар сыяктуу мародерлор да бар. Бүгүнкү күнү тентек Абировдун ордуна мурунку СДПКчы «тентек» Тербишалиев пайда болду. Бул да Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатыгына талапкер болууда. Данияр Тербишалиевдин шайлоочулардын көңүлүн буруу  максатында тарткан жарнамалык ролиги коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Чынында Тербишалиевдин орус блогерин туураган пиар жүрүшү коомдун көңүлүн бура алды. Бул жагынан максатына жетти. Бирок, анын жеңил-желпи маскарапоз болгон жосунсуз жоругу көпчүлүктү жипкиртти. Анын кылыч көтөрүп алып, жол чыракта "алдыга, мени танда" деген артист болгон жасалма шоусу, ага пайда эмес, зыянын тийгизген көрүнүш болду. Образдуу айтканда, мүйүздүү болом деп кулагынан ажырады десек жарашат. Ким мындай пиарды сунуштаса дагы, күлкү, мазак, шылдыңга калтырып, добуш алып келбестен, бар добушун жоготууга негиз түзгөн душмандык кылыптыр.

 Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууну каалаган 26 талапкерлер. Депутаттыкка ат салышууну каалаган талапкерлердин катарында жумушсуздар, пенсионерлер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары жана башкалар бар:

·  Булекбаев Эркин Касымович, «Кыргызстандын жашылдар партиясынын» төрагасы

·  Кунакунов Максат Касымжанович, «Либерал-прогрессивдик партиясынын» төрагасы

·  Арзыкулов Марат Замирбекович, «Иг-Мар» ЖЧКсынын директору

·  Нурланбеков Актилек Нурланбекович, «Ызат плюс» ЖЧКсы

·  Камбаров Мирлан Адилбекович, убактылуу иштебейт

·  Абдылдаев Азат Шералиевич, убактылуу иштебейт

·  Калыков Улугбек Абдисатарович, прокуратура органдарынын пенсионери

·  Исмаилова Карачач Жумаевна, мектеп мугалими

·  Сакиев Нурлан Казыбекович, жеке нотариус (убактылуу токтотулган)

·  Тербишалиев Данияр Өмүрзакович, жеке ишкер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

·  Искаков Эртай Дүйшөбекович, «ЗаЯпошки» коомдук бирикмесинин төрагасы

·  Касмалиев Ажыбек Кадыркулович, «Инженер землеустроителей и геодезистов Кыргызской Республики» коомдук бирикмесинин төрагасы

·  Мокейчук Роман Александрович, жеке ишкер

·  Маликов Аким Маликович, ИИМдин пенсионери, адвокат

·  Суваналиев Өмүрбек Исакович, убактылуу иштебейт, Нарын жана Баткен облустарынын мурдагы башчысы, ИИМ министринин милдетин аткаруучу, Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары

·  Бакир уулу Турсунбай, И. Арабаев университетинин профессору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

·  Субанов Айбек Манасбекович, Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин жергиликтүү кызматкери

·  Сагидаева Салтанат Ариповна, Ж. Баласагын атындагы  КУУнун филология окутуучусу

·  Усубалиева Гульмира Тургунбековна IFESтин Кыргызстандагы  программасынын координатору

·  Скорняков Андрей Владимирович «Кумтөр Голд Компанинин» коопсуздук боюнча инженердик системанын адиси

·  Ниязалиева Дамира Абаскановна Биринчи элдик курултайдын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

·  Мадылбеков Эльдар Туратбекович, убактылуу иштебейт

·  Токталиев Акин Усубалиевич, «ЗЧ жана ДНК боюнча  комитет» коомдук бирикмесинин өрагасы, адвокат

·  Аттокур уулу Илимбек, убактылуу иштебейт жана башкалар бар.

Эскерте кетсек, быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлмөкчү. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости