www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө 100гө жакын объект сатылып кеткен. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, каражат мамлекеттик бюджетке дагы түшкөн эмес.

«Биз өткөн жумада Ысык-Көлгө бардык. Облустук прокурор болгон жок. Бир райондун прокурору келип 5 районду жетектейт деди. Бул туура эмес. Балдарыбыз эс ала турган 100гө жакын объектилер сатылып кеткен. Ал эми сатуудан түшкөн акча өлкө бюджетине түшкөн эмес», - деди Айбек Осмонов.

Депутаттын айтымында, азыр балдар Ташкен менен Астана шаарларына эс алууну каалап калды. «Эмне үчүн алар Ысык-Көлгө, Жалал-Абадга, Сары-Челекке, Арсланбабга баргылары келбейт? Анткени профсоюз балдар эс алуучу жайлардын баарын сатып жиберген. Жеке ишкерлерге, иштей тургандарга беришсин. Лагерлер ат сарайга окшоп калган», - деди эл өкүлү.

Айбек Осмонов бул боюнча тишелүү жетекчилер жооп бериши керектигин айтып, протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости