www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад милициясы диний экстремисттик уюмдардын материалдарын сактап, таратып жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 20-апрель күнү Жалал-Абад ШИИБге шаар аймагында “М.М” аттуу жаран интернет тармагында “М.А” аккаунту аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын биринин материалдарын сактап, таратып жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.   

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 22-27-май күндөрү ѳткѳрүлүп жаткан “Экстремист” операциясы учурунда жогорудагы кылмыш ишинин бети ачылган. Жалал-Абад ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 1994-ж.т. М.М. кармалып, тиешелүү далил буюмдар алынган. 

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости