www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки достун ортосунда «ойной» коюп, орто жерден Чүй облусунун губернаторулугунан жыдып калган Эркин Тентишевдин акыбалы чатак экен. Жасалма диплому билинип, УКМК изине түшкөн. Дагы да башка каржылык чыр-чатактардын айынан айыпталып, кылмыш иштери козголуп, учурда «куйругун» түйүп кеткен сыяктуу. Айрым маалыматтар боюнча Түркияда баш калкалап жүргөнү айтылууда. Бүдөмүк тарткан бул фигуранын артынан бир топ кызык фактылар чыкчудай. Мерчеми келгенде коомчулуктун бүйүрү кызыса керек. Ишкер, экс-губернатор Эркин Тентишевдин мүлктөрү талашка түшкөнүнө күбө болуудабыз. Бул жагын түркүн түскө бөлөп, талдай берсе жарашат. Чийеленген көрүнүштөр, аралашкан адамдар арбын. А эң олуттуусу башкада.

Айрым маалыматтардан алганда, “Дөө Чыңгыз” тирүү кезинде Эркин Тентишевдин бизнесин калкалап келгени, эч кимди тийгиздирбегени, акыбетин да алып турганы ыраспы? Таасирдүү байлыкка жетүү үчүн “кызылдардан” же “каралардан” колдоо керектиги ушулбу? Жандырмагын чечүү оңой эле. Ал эми Эркин Тентишевдин медициналык окуу жайы боюнча сөз кылсак: Ысык-Ата районунун Кант шаарында жайгашкан Саткынбай Тентишев атындагы азиялык медицина институту медициналык багыттагы алдыңкы окуу жайларынын бири. Бул институтту Тентишев Эркин Саткынбаевичтин жетекчилиги менен Кыргызстандын жана жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин студенттеринин сапаттуу медициналык билим алуусуна шарт түзүп ушул окуу жайын ачкан.

Бул медициналык институттун билим берүү багыты медицинага арналгандыктан келечектеги медицина кызматкерлерин мыкты деңгээлде даярдап, сапаттуу билим берүү үчүн баардык шарттар жана азыркы учурдун талабына ылайык жабдылган. Аз убакыттын ичинде медициналык институт инновациялык жол менен өнүгүүнү колго алып, көптөгөн ийгиликтерди багынтып келишүүдө. Учурда бул окуу жайда 14 мамлекеттен келген студенттер билим алышууда. Алар: Индия, Пакистан, Непал, Афганистан, Азербайджан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Сомали, Египет, Ирак, Малайзия, Бангладеш жана Ливан мамлекеттеринин билимге суусаган жарандары.

Азыркы учурда АзМИде үч миңден ашык студент билим алып жаткан учуру. АзМинин жетектөөчүсү С.Тентишевдин бул институтту ачуудагы негизги максаты республикабыздагы билим берүү тармагын алдыга жылдыруу менен сапатын жогорулатуу болгон. Мындан сырткары билим алам деген чет элдик жарандарды да мыкты медик кылып тарбиялап чыгуу болгон.2019-жылы Кыргыз Республикасынын Билим министрлиги тарабынан ал жетектеген медициналык окуу жай «Коррупциясы жок окуу жай» номинациясына ээ болгон. Студенттер мугалимдерге акча бермек тургай, бир студент гүл бере койом деп, мугалим жумуштан кеткен.

Саткынбай Тентишев атындагы азиялык медицина институтунун түзүлгөнүнө он чакты жылдын жүзү болгондугуна карабай бир топ жетишкендиктерге ээ болушкан. Бул институттун жаңы имараты да ачылган. Жаңы имараттын ачылыш аземинде Саткынбай Тентишев кызыл тасманы кесишип, атайы аземге чакырылган белгилүү инсандар жана катышуучулары имараттын ичи менен толук таанышып, жасалгасы менен акыркы үлгүдөгү жабдууларга жогорку баа беришкени да жок эмес эле. Чындыгында жаңы имараттын ичиндеги жабдуулар, окуу процессине керектүү деп эсептелген техникалардын өзү эле кирген адамды өзүнө арбап турат.

Институт 2009-жылдан бери билим берүү тармагында студенттерге сапаттуу билим берүүгө талыкпай эмгектенип келүүдө. Албетте мыкты адистерди даярдоодо алгачкы кадам бир топ кыйынчылыктарды да жаратпай койбойт. Он жылдык кадамдарында окуу жайга канчалаган билимдүү окутуучулар келип эмгектеништи. Учурда 116 окутуучу туруктуу эмгектенет. Алардын ичинен 11 илимдер доктору, 13 илимдер кандидаты. Окуу жайда эмгектенген жана окугандарга бир топ мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Мисалга алсак жайкы эс алууда Ысык-Көлгө окутуучулар ошондой эле студенттер эс ала алышат. Бул жылдар аралыгында канчалаган чет элдик жана кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү даярдоого үзгүлтүксүз салым кошуп жаткандыгы менен...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости