www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык сотунда саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровдун баш коргоо чарасын тандоо боюнча соттук отурум өттү. 15-сентябрда Биринчи Май райондук соту Руслан Бекназаровду тергөө мөөнөтүн 2022-жылдын 12-октябрына чейин борбор калаанын СИЗО-1ге камоо менен камакка алуу чечимин чыгарган. Жактоочулар биринчи инстанциянын чечимине нааразы болуп, Бекназаровду үй камагына чыгарууну талап кылышты. Бирок судьялар жактоочунун өтүнүчүн канааттандырбай, аны камакта калтыруу чечимин чыгарды. Ал эми бул чечимди Азимбек Бекназаров соттор жогорку жактын тапшырмасын аткарып жатат деп эсептейт.

Белгилей кетсек, буга чейин коомдук ишмер, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун баласы Руслан Бекназаров ИИМ тарабынан кармалган. Мекеменин расмий билдирүүсүндө суракка гана чакыртылганын айткан. Аталган орган кийинчерээк, сурактан кийин анын кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгенин билдирди. «Баласы атасы үчүн жооп бербейт! Руслан Бекназаровду бошоткула!» деп  “Азаттык” партиясы бийликке кайрылган.

«Урматтуу калайык калк!

Кыргыз  Республикасынын Конституциясы, мамлекеттик деңгээлде кол коюлган эл аралык келишимдер бийликти адам укуктарын жана эркиндигин сыйлоого милдеттендирет.

Бирок, акыркы мезгилде коомчулукту тынсыздандырган окуялар байма бай орун алууда. Тактап айтканда, эл ичинде нааразычылыктар арбып, багыты башка ой жүгүрткөндөрдүн камакка алынышы, активисттердин кармалышы, көз карандысыз массалык маалымат каражаттарынына карата козголгон соттук териштирүүлөр өлкөбүздөгү жаңы саясий доордун башталышынан кабар берүүдө.

Ошондуктан “Азаттык” саясий партиясы бийлик кимдир-бирөөнү камоодон мурун коюлган айыптар, өзгөчө бийликтин оппоненттерине болгон айыптар мыйзам негизинде, четке кагылгыс, салмактуу далилдер менен бекемдешин талап кылабыз.  Анткени, чындык бузулганда-бийлик бузулат! Ошондуктан, бийликти оппоненттеринин альтернативдик пикирин сыйлоого чакырабыз.

Баласы атасы үчүн жооп бербейт! Андыктан, Руслан Бекназаровдун экстремизмге байланыштуу милицияга суракка чакырылып, жыйынтыгында убактылуучу жайга киргизилгенин саясий куугунтук деп эсептейбиз! Анткени, Руслан Бекназаров мамлекет үчүн күйгөн, тажрыйбалуу, билимдүү, ар тараптан өнүккөн, жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө чакырган жаш муундун өкүлү.

Буга чейин Руслан Бекназаровду эл ишенип айыл өкмөт кылып шайлаган. Ал жөн гана Айыл өкмөтү эмес инвесторлорду тарткан, элдин жашоо-шартын жакшыртууга шарт түзгөн мыкты Айыл өкмөтү болгон. Президенттин Администрациясында иштеген. Бул кызматка дайындалаарда атайын коопсуздук кызматты текшерүү жүргүзгөн. Анан бийлик бүгүн кантип аны экстремизмге байланыштуу каралап жатат?

Көөдөнүндө мекенчилдик, көкүрөгүндө динди ыйык туткан адам эч качан мамлекетке каршы чыкпайт! Ошондуктан биз Руслан Бекназаровдун актыгына ишенебиз жана ага карата жасалып жаткан саясий куугунтукту токтотууну талап кылабыз!»

“Азаттык” партиясынын саясий кеңеши.

Руслан Бекназаров боюнча укук коргоочу Рита Карасартова Фейсбуктагы баракчасында өз пикирин билдирген.

"Биринчи Май райондук сотунда Руслан Бекназаровдун кармалгандыгы негиздүү жана мыйзамдуубу?

Руслан Бекназаров Кылмыш жаза Кодексинин экстремистик материалдарды таркатуу беренеси боюнча айыпталууда.

Соттук процесс башталганга чейин Руслан мырза менен сүйлөшсөм, ал Афганистанга Талибан бийлик болуп келгенде, Талибан жөнүндө жазгам (биздин расмий бийликтеги Масадыков мырза, ал жерге гуманитардык жардам менен барып келген да), бирөөгө барса болот, башкага жазса болбойбу деген суроо жаралат. Анан Халифат деген түшүнүк кайдан пайда болгон, эмнени билдирет, кайсы элде колдонгон жазгам дейт. Ал нерсеге чакырык жасаган эмесмин, расмий экстремистик материалдарды жайылткан эмесмин, деп айтып берди", - деп жазган Рита Карасартова.

Руслан Бекназаров 2022-жылдын 15-июнунан бери Свердлов районунун акими болуп эмгектенип жаткан. Малайзиядагы мурдагы элчи Азимбек Бекназаров «Кумтөр» маселеси жана башка бир топ орчундуу проблемалар тууралуу. Бекназаров – «алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзия ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына» байланыштуу 2022 жылы 5-августта кызматтан алынган, бирок 2 жыл ичинде эч сөгүш же башка жаза албаган, ошол эле убакта өкмөткө жүздөн ашуун кат жөнөтүп, сунуш айткан, бирок эч жооп алган эмес. Белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров дүйнө жүзүн чоочулаткан Украинадагы согуш тууралуу пикирин билдирген. Анын айтымында, Украина Орусия менен согушкан жок, тескерисинче, НАТО менен согушуп жатат. Атасы үчүн баласы жооп береби?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости