www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ бийликтери Флориданы каптаган «Иэн» бороонунун келтирген зыянын баалай баштады, бул өлкөнүн тарыхындагы эң кыйратуучу бороондордун бири болуп калышы мүмкүн, деп билдирди АКШнын президенти Жо Байден.

"Биз Флоридадагы кыйроонун көлөмүн баалай баштадык, бул өлкөнүн тарыхындагы эң жаман окуялардын бири болушу мүмкүн. Биздин жүрөгүбүз бул бороондон улам жапа чеккен адамдар үчүн ооруп жатат. Биз силер мененбиз. Биз дагы канча убакыт талап кылса, силер менен бирге болобуз”,-деп жазды мамлекет башчысы өзүнүн Twitter баракчасына.

Акыркы маалыматтарга караганда, Флоридада "Иэн" бороону кеминде 42 адамдын өмүрүн алып, штатта 1,3 миллионго жакын керектөөчү жарыксыз калды. Бороон штатта ири кыйроолорго алып келип, телекоммуникация тармактарынын жана аэропорттордун ишин токтотту.

29-сентябрда Флорида штатынын губернатору Рон Де Сантис бороон-чапкындын зыянын "тарыхый" деп атап, жергиликтүү дарыялардын биринин ташкындоосун беш жүз жылда бир жолу болгон окуя катары белгиледи. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости