www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдованын президенти Санду ката сүйлөп, Украина жаңжалды баштады деп айыптады.

Молдованын президенти Майя Санду брифинг учурунда Украинаны Орусия менен жаңжалды курчутуп жатат деп айыптады. Бул тууралуу саясатчы 1-октябрда Еврокомиссардын бюджет жана башкаруу боюнча комиссары Йоханнес Хан менен жолугушууда билдирди.

"Украина тутанткан жаңжал, кечиресиз, Орусия Украинага каршы баштаган жаңжал эл аралык тартипти талкалап, бүткүл Европа үчүн оор кесепеттерге алып келди" деди ал.

30-сентябрда Молдованын лидери ДЭР жана ЛЭР,  Херсон жана Запорожье облустарынын Россия Федерациясына биригүүсүн айыптады. Ал бул аймактарда өткөн референдумду мыйзамсыз деп атады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости