www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

 Бажы кызматынын эрке балдары акчасынын көптүгүнөн кимге эркелерин билбей Ош шаарындагы Sky Bar түнкү клубуна барып чатакка аралашкан. Ал жерде жөн турбай көйрөңдөнүп кыз кишиге кол көтөргөн. Өзү мамлекеттик Бажы кызматкери болсо түнкү клубду мен гана билем деп чатакка аралашканынын себеби орто кызуу абалында болсо керек. Мушташка катышып, кыз кишиге кол көтөргөн кызматкер Бажы кызматынын офицеринин атын дискредитациялаган.

Бажы кызматкерлери катышкан окуя боюнча Аскер прокуратура тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Окуя тиешеси эки кызматкер иштен алынат. Бир кызматкер мушташка түздөн-түз катышкан болсо, экинчиси ал окуяга аралашкан. Жакында Ош шаарындагы Sky Bar клубунда белгисиз эки адам кафеге келген кишилердин бирин ур-токмокко алганы тартылган видео тараган. Андан тышкары алардын бири кафедеги кызга кол көтөргөн. Алар УКМК менен Бажы кызматынын кызматкери экени айтылган. Кийинчерээк УКМК аталган окуяга катышы бар кызматкерлери кызматтан алынганын билдирген. Ош шаарындагы Sky Bar түнкү клубунда мушташка катышкан бажы кызматкерлерин иштен алынп тим болбой тиешелүү жазаны колдонуш керек.

Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков бул окуяны «Чычкак чымын сасык этке конгондой» да көрбөдү. Ал башкарган Бажы кызматы өткөн жылы белгилеген пландарды аткарган эмес. Жакында депутат Алишер Козуев Бажы кызматы жыйымдарды 24 млрд сомго аз чогултуп жатканын айтып, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган Улан Кимсанов тууралуу сөз кылган: «Улан Кимсанов тууралуу коомчулукта жакшы сөз жок. Канчалаган бизнесмендер арасында сөз болуп жатат. Кайсы критерий менен кайра алып келдиңиздер? Ал киши иштеп жатканда план түшүп жатыптыр. Үч айда туруктуу болуп жатканда, эмнеге кайра алып келдиңиздер? Ал кишинин «крышасы» башкачабы?», — деди ал.

Суроого жооп берип жатып минкаб Бажы кызматынын жетекчилигинин жоопкерчилиги караларын белгилеген:«Салык инспекциясында иштегем, бажы тармагын да билем. Ал жакта иштеп жаткандардын 80-90%ы ак дили менен маянага иштеп жатат. Жетекчи боюнча айтып жаткан талабыңызды колдойм. 20-декабрга чейин алардын жоопкерчилигин карайбыз. Жанымда кесиптештерим турат, «тиги орун басарларыңды ал» деп эч кимге айтпайм. 20-декабрларда бажы боюнча чечимдерге күбө болосуз», – деди ал. Мүмкүн бул элге сүт эмизип койгонудур.

Сөзүн улай ал бажы жыйымдары боюнча пландын аткарылбай калышынын объективдүү себептери бар экенин билдирди: «12-14 млрд сомго объективдүү факторлор бар. Бирок 10-12 млрд сомду жакшы иштесе, чогулта алмак. Ошондуктан алардын жоопкерчилиги каралат. Эч кимди эч ким коргобойт. Жанымда отурган бир да кесиптешим «крышам» бар деп айта албайт. Анын ичинде мен да айта албайм. Мен планды аткарып, жакшы иштесем иштейм. Жакшы иштей албасам, түнү болсо түнү, эртең менен болсо, эртең менен мени кетирип коюшат», — деди ал.

 Министрлер кабинетинин төрагасы учурда бажы тармагы эң чоң көйгөй болуп жатканын айткан. Парламенттин Экономика, бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун ишине нааразычылыгын билдирген: "Баарыбыз чогулуп бажы инспекциясында тартипти орнотушубуз керек. Бизде азыр эң талылуу көйгөй Бажы кызматында болууда. Керек болсо мекен үчүн күйгөн балдарды алып келебиз. Урматтуу Садыр Нургожоевич менен дагы сүйлөштүм, керекпи, бүт бажычыларды бир күндө иштен бошотуп туруп, алардын ордуна жаңы институтту бүткөн балдарды киргизгенге биз даярбыз. Азыр ошого системаны даярдап жатабыз", — деген Жапаров.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости