www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулуктун акими журналисттин колун сындырып таштады

Zobolo масс-медиасынын негиздөөчүсү жана башкы редактору Самара Босумбаева журналисттери менен журналисттик иликтөө жасап жаткан жеринен колунан жаракат алган. 
Босумбаева колун Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевдин тапшырмасы менен сындырылганын белгиледи. Эмесе, кыска жана нуска маекке көңүлүңүздү бурабыз.

— Арыбаңыз Самара Райымбековна! Сокулук районунун акиминин кызматкери колуңузду сындырып салганын уктук...

— Ооба, жер маселеси боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп жатканбыз. Акимден интервью алганы барганыбызда бир топко киргизбей күттүрдү. Күндүзгү саат 14:00 чамасында жер ээлери жана сатып алгандардын жыйынын уюштурушуптур. Биздин сурообузга жооп бербестен аким жана анын орун басары жыйынга качып кирип кетишти.

— Журналист катары жыйынды тартып, чагылдыра алдыңыздарбы?

— Жыйынга кирүүгө мүмкүнчүлүк беришпеди. Сокулук районунун акиминин кызматкерлери оператор менен журналисттибизге асылышып, түрткүлөй башташты. Видеокамераны да сындырууга аракет жасашты. А бирөөсү менин колумду сындырып салганга чейин барды.

— Колуңуз жакшыбы?

— Сынган кол жакшы болбойт экен да. Ооруп жатат.

— Колуңузду сындырып салганга чейин сабаштыбы?

— Эми "Сабап салышты" деп айтпайм. Мени түрткүлөп, колумду катуу кармап бурап жаткан. Убакыттын өтүшү менен колум шишип, ооруй баштады. Ал жактан чыгып ооруканага кайрылдым. Рентгенге түшсөм, колум сынып калыптыр...

— А укук коргоо органдарына кайрылдыңызбы?

— Журналисттибиз ИИМдин Басма сөз кызматына, андан соң 102 кызматына кабар берген. Бирок, 102 кызматынан келишкен жок.
Өкүнүчтүүсү жыйынга киргизбей жатышканда ИИМ кызматкерлери бар болушчу. Алар карапайым эл менен журналисттерге эмес, мыйзам бузуп жаткан акимге болушуп жатышты. Бир кезде ошол жерде жүргөн ИИМ кызматкерлеринин бири келип, журналисттибизди чакырып сөзгө тартты. Көрсө, "102 кызматы бизге билдирди. Биз сиздин кайрылууңузду кабыл алалы" дептир. Журналисттибиз Айбек Нурланов "Анда жанатан бери эмне кылып турдуңуздар? Эмне үчүн ИИМ кызматкери катары мыйзам бузулуп жатканын көрүп туруп, мыйзамдуу чара көрбөдүңүздөр? Ушундан кийин силерге ким ишенет, силерге ким таянат? Ырахмат" деп жооп узатыптыр.

Андан бир нече саат өтүп, кечки саат 17:00дөр чамасында башка эки милиция келип, арыз алышты.

Баса белгилеп айта кетсем, РИИБдин бөлүм башчысы дагы жыйынга катышты. Мыйзамды ошол баш болуп бузуп жатса, аким мыйзам бузбай эмне болуптур?

— Жыйын кандай өттү?

— Жыйынды эшиктин ичинен бекитип, ага катышкандардын телефондорун жыйнап алышып өткөрүштү. Ал аз келгенсип, сыртта акимчиликте иштеген кызматкерлер менен ИИМ кызматкерлери кайтарып турушту. Элдин жарымы жыйынга катыша албай, сыртта калышты.
Жашынып алып жыйын өткөргөн Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев эмнени жашырып, эмненин ичинен чыгып жатканын ким билсин. Ушунчалыкка барган бул акимде чоң сыр жатат...

— Репортажды качан көрө алабыз?

— Атайын репортажыбызды 19-январь күнү Ютуб каналыбыздан көрө аласыздар.

— Маегиңиз үчүн ырахмат. Сакайып кетиңиз.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости