www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Түшкө чейин иман, түштөн кийин Иван» Имановду ким билип атыптыр иманын ачпаган бойдон министрден кетти. Шоопурлардын мыктысы Туманбаев анан Иманов эле. Туманбаев АШАнын шопурунун шопуру болсо, Иманов Ширшов деген коррупционер босстун шопуру болгон. "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" болгон кадрдык бороондун капшабы Санариптик өнүктүрүү министрлигине дагы тийди. Министр Талантбек Иманов ээлеген ордун Нурия Кутнаевага бошотту. Эми министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Кутнаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып, бекитилет.

Иманын ачпаган Иманов министрден кетип ордуна  Кутнаева келди. Ал эми Талантбек Иманов болсо Улуттук инвестициялык агенттикке директор болуп барды. Майлуу-сүттүү кызматтарды тебетейдей алмаштырган Ширшовдун шоопуру болуп жүрүп, башайланткан карьера жасаган Иманов эми өлкөгө күргүштөтүп инвестиция тартып, экономиканы гүлдөтүп жиберет дегенге ким ынанат? 

Дегенибиз, буга дейре дээрлик эки жылга чукул Санариптик өнүктүрүү министрлигин жетектеп жарытпаган неме, инвестиция тартып кыйратып жиберши күмөн. "Шефи" Ширшов аркылуу кайра эле этегине эрмешип, жакасына жармашып күмөндүү инвесторлорду тартып, акча адалдаган былыктуу иштерден төбөсү чыкпаса болгону. Башка колунан иш келиши кыйын. Анткени, алма сабагынан алыс түшпөйт эмеспи.  Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Жогорку Кеңештин жыйынында "Дастан" ишканасы менен "Евразия сактык банкын" Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна кайрадан өткөрүп берип жатканын билдирди. Себеби алардын санариптештирүүгө эч кандай тиешеси жоктугу менен түшүндүрдү. Мындан улам, "биз мындан ары жалаң санариптештирүүнүн үстүндө иштей баштайбыз, башка долбоорлор болбошу керек", - деп айтты. Ошондой эле, “Мега” компаниясы менен “Кыргызтелеком” ишканасы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдында калаарын, аталган ишканалар санариптик процессти дагы да тездетүү үчүн зарылдыгын белгиледи. Белгилей кетчү жагдай, Талантбек Иманов Санарипти өнүктүрүү министри болуп келгенде, жогоруда аттары аталган стратегиялык маанидеги кирешелүү ишканаларды өзү көзөмөлгө алуу үчүн Мүлк фондунан өзү башкарган министрликтин карамагына өткөрүп алган.

Мына Санарапти өнүктүрүү министри кезинде соцтармактар аркылуу чала блогер-журналисттерге акча төлөп, өзүн-өзү курулай мактаткандан башка иш кылган жок. Имановдун жармач ой-жүгүртүүсү боюнча жалданган төрт-беш адам фейсбукта жалганды айтып даңаза кылса, эл мыкты иштеп жатат деп кабыл алат деп түшүнсө керек. Эл деген көрөгөч. Жасалма пиар менен реалдуу иштин маңызын жакшы айырмалап билишет. 

Мына Калкты тейлөө борборлорунда кезек күткөн адам батпайт. Күндө таң эрте барып кечке жүрүшөт справка ала алышпай. Анан кантип Имановго ыраазы болуп алкыш айтмак эле. Эки жылга чукул мезгилден бери цифровизацияны аягына чыгара албай койду. 

Айтмакчы, "Түндүк" аталышында электрондук кызмат көрсөтүү порталын ачыптыр. Бирок ал боюнча элде маалымат жок. Эң кур дегенде ошону элге кантип колдонуу керектиги боюнча түшүндүрмө берип, ролик чыгарып жарыткан жок.

 

Последние новости