www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабановду өкмөт башчысынан чанып, Сапар Исаковду көтөргөн. Бирок анысы узакка тура албады. 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо Курманбек Бакиев депутаттыкка талапкердигин коюп Тогуз-Торо менен Жалал-Абаддын ортосунда “каардуу из”, бул “из” уланып отуруп Жалал-Абадда чоң өрткө айланып, бийликтин алмашуусуна шарт түзүлөт. Ал бийликке келгенде ошол мезгилде президенттин аппарат жетекчиси «Эки тизгин, бир чылбырды» колуна кармап, «ханга салам бербей» калган, бийлик диктатурасын орнотуп жаткан Медет Садыркуловдун колдоосу менен  Алмазбек  Атамбаев ѳкмѳт башчысы болуп келет. «Жыландын куйругун басып алгандарды» эмдей койгон, кээ бирлерин «Эки чайнап, бир жуткан» Атамбаев президент Бакиев тууралуу абдан жылуу сөздөрүн айтып, кокусунан уу жутуп алдым деп маалымат таратат. Ал уу жутуп алдыбы же “ак суу” жутуп алдыбы текшерген деле киши болгон жок. Медет Садыркулов гана анын кабинетинен айланып өтүп калган, себеби качан болсо кызуу абалында, иштебей эле элди жаман көрсөтүп бүтүрдү деп. Ошол себептен аны кызматынан бошотууга туура келсе керек.

 Дагы бир официалдуу себеби бар. Атамбаев аны премьер кылып дайындоосун суранып, 2007-жылдын башында өкмөттү жетектеп, Курманбек Бакиевдин кадрларынын бири болгон. Бакиевдин айтымында, Атамбаев премьер-министрлик креслодо бир аз гана калып, бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө болорун убада кылган. Акырында Бакиев аны премьер-министрликке дайындаган: "Бир нече убакыт өткөндөн кийин мен аны кечки алты-жетиден кийин Ак үйдөн таппай калып жаттым. Мен ал кайда деп баарынан сурасам, үйүнө кетти деп жооп беришчү. Президент иш ордунда, ал эми премьер кетип калганы кантип болсун?", - деген Бакиев. Эки айдан кийин, экс- президенттин айтымында, Атамбаев өзү кызматтан тажагандыктан, анын отставкасын суранган. Бакиевдин айтымында, “Атамбаевдин жүзүн сактап, шерменде кылбашы үчүн” аны калып, ишин улантууга көндүргөн. Атамбаев бул кызматта 2007-жылдын аягына чейин иштеген.

Ал кезде МЧС «Ак-Жол» партиясын тʏптѳй коюп, 2007-жылдын аягында парламенттик шайлоо ѳткѳзʏп, Атамбаевдин СДПК партиясын «кол бала» оппозиционер кылып «жашыл жарык» кʏйгʏзʏп берген. 2008-жылы Атамбаев МЧСти ортого салып Германияда дарыланып жаткан Бакиевдин алдында Бишкек мэрин сурап жалдырап отурбады беле?

ЦАРИИнин түзүлгөндүгү жөнүндө жана Бакиев эмне үчүн бул кадамга баргандыгы жөнүндө дагы азыноолак айтып коюу керек. Бул пункт да  кычууга тийген факторлордун бири болуп, аны Бишкектеги массалык митинг учурунда оппозиция лидерлери жасалма түрдө көбүртүп-жабыртып жиберишти. Инвесторлор бир министрликтен экинчи министрликке, алардан чыгып алып дагы бир үчүнчүлөрүнө карай убакыт коротуп кыдырып жүрүшпөсү үчүн, Кыргызстанда түз инвестицияларды тартуу боюнча бирдиктүү орган керек болчу, чиновниктер аларга тоскоолдук кыла албай калышмак, тааныш-билиштик, өз ара жакын мамилелер, коррупцияны жараткан жагдай үчүн түзүлчү шартта жоюлмак.

2019-жылы Бакиев 70 жашка толгондо, Беларусь президентти Александр Григорьевич резиденциянын жанынан 70 сотых жер белек катары берген. Бул жанылык да учурунда көбүртүлүп, жабыртылып чыккан.  "Хаккер тапты, тиги тапты, тиги чукуду, урдаган акчага жер сатып алды" деп "недоделанный" ММКлар берген. Лукашенко өз жанына, "менин кошунам бол" деп «Заславль–2» резиденциясынын жанынан Кыргызстандын мурдагы мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге жалпы аянты 70 сотых болгон эки жер тилкесин бөлүп берди. Жер тилкелери Лукашенконун 2019-жылдын декабрындагы чечими менен өмүрүнүн аягына чейин «кызматтык колдонуу үчүн» берилген. 45 сотых 17-мартта көмөк чарба жүргүзүүгө, 25 сотых турак-жай курууга деп бөлүнгөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

     

Последние новости