www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы айылдардын бирине кирип барган Кызыл китептеги күрөң аюу жергиликтүү жергиликтүү бийликтин буйругу менен атылды.Бул «калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн» жасалганы маалым болду. Бул тууралуу Газета.uz жазды.

Аюунун айылдагы үйлөрдүн биринин сарайына кирип, адамдардан жашынууга аракет кылып жатканы тартылган видео интернеткен 5-апрелде жарыяланган.

Кийинчерээк Өзбекстандын Жаратылыш ресурстары министрлиги аюу Кумдарыядан алыс эмес жердеги үңкүрлөрдүн бирине кирип кеткенин билдирген. Бул аймак ИИМдин, Улуттук гвардиянын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайтаруусунда экени жана жергиликтүү калк менен аюнун коопсуздугу камсыздалып жатканы кабарланган.

6-апрелде Жаратылыш ресурстары министрлиги аюу Чиракчин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин буйругу менен атылганын ырастады. Мекемеден аюунун атылышына тиешеси бар жооптуу жетекчилерге карата тартип чаралары көрүлөрүн кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости