www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Брежневдик доор тамам болгонуна кырк жыл болду. Хрущевдин доорунда жер берүүлөр көп болгон. Крым Украинага, Казакстандын үч району Өзбекстанга кеткен. Мангышлак Түркмөнстанга кеткени калган. Бүтүндөй Чаткал районун Өзбекстан үчүн суу сактагыч куруу идеялары пайда болот. 1964 жылдын 14-октябрында СССРдин рулуна Брежнев отурат. Ташкенде болгон кеңешмеде Брежнев Юсуповду өзүнө чакырып алып, жергиликтүү эл менен тил табыша албаганы үчүн катуу жемелейт. Брежневдин коркутуп-үркүтүүлөрүнөн соң чүнчүгөн Юсупов кызматынан бошонууга арыз жазат. Бул 1964-жылдын 7 декабры эле, деги Юсупов деген ким? Бул уйгур Динмухаммед Кунаев менен уйгур орто мектебинде төрт жыл бирге окуп мамилелери жакшы эле.
Айыл чарба техникумунун 1934 жылы бүтүрөт. Агроном, МТСка директор болуп иштеп сталиндик репрессияга кабылат. Бул жерден кутулуп кеткен соң депутаттыкка шайланат. Түштүк -Казакстан областык суу чарбасын жетектейт. Улуу Ата Мекендик согушка катышып жарадар болот. Аны Түштүк -Казакстан областынын айыл чарба бөлүмүн жетектетет. Жеңишти ушул областын секретары болуп тосуп алат. Андан кийин Казакстандын суу чарбасын 1945 жылдан 1951 жылга чейин алты жыл башкарат.
Ал Кустанай обкомунун экинчи секреиары болуп барып ошол жерден Хрущев менен жакындашат. 1955 жылы июнда Юсуповду Түштүк -Казакстан обкомуна биринчи секретарь кылып жөнөтүшөт. Мына так ушул жерден уйгур Юсуповдун өзбектерге жер берүүсү башталат. Биз учурда Кемпир-Абад суу сактагычыны талашып отурабыз. Юсупов аңды-дөңдү карабай үч пахта айдалуучу районду Өзбекстанга берип салган. Ошентип, Казакстандын үч району Өзбекстанга кеткени менен Юсупов эч качан мойнуна алган эмес. Негизи уйгур Юсупов ал кездеги Казакстандын биринчи секретары Кунаевдин алдына бул үч районду Өзбек ССРине берүү тууралуу маселени койгон.
1959 - 1962 жылы Юсупов Казакстан БКсынын секретары болуп туруп, 1962 жылы бир мектепте окуган Кунаевдин ордуна Казакстандын Борбордук Комитетинин биринчи секретарын алат. Ошону менен уйгур Юсупов казактардын башына келет. 1964 жылы Брежнев келген соң уйгурдун эки бутун бир кончко тыккан да, кайрадан анын мектептеши Кунаевди бул кызматка алып келген. Кунаев бул жерде узак иштеген.
Жер бергич Юсупов бул жерден да жөн калбай Мангышлак жарым аралын Түркмөнстанга берип жибере жаздаган. Анткени, Мангышлак жарым аралында мунайзат жана газ чыгып Хрущев бул жагынан алдыда турган Түркмөнстанга өткөзүү тууралуу пикирге келген. Баса, ушунун айнынан Өзбектерге үч район кеткен, ал РСФСР Крымды Украинага берип жиберген.
Юсуповдун Бауыржан Момышулы болгон чыр-чатагы эсте калчудай. Ал жубайы белгилү артист Шахан Мусиндин кызы Гайникамал Баубекова менентокол алам деп чырдаша кетет. Бул кырдаал Казакстандын Жазуучулар Союзунда каралып Бауыржан Момышулына аморалдык иштери боюнча катуу сөгүш жарыялайт. Бауыржан Момышулын Юсупов чакырып алып нотация окуйт. Бауыржан Момышулы Юсупов араб тилин билбесин билип арабча жазып кетет. Ал которуп берүүсүн суранып Кунаевден өтүнөт. Кунаев окуп күлүп жиберет, себеби Бауыржан Момышулы оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жазыптыр.
Брежнев бийликке келген соң Юсупов жүзүм совхоздорунун республикалык трестинде жетектеп жүрүп 1971 жылы пенсияга чыгып, 2005 жылы көзү өтөт.
Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg