www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган активист жана саясатчылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын арызы каралууда.

Сот БШКнын экс-мүчөсү Гүлнара Журабаеваны 20-декабрга чейин камакта калтырды. Ошондой эле, бүгүн Кеңешбек Дүйшөбаев, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Таалай Мадеминов, Айбек Бузурманкулов, Клара Сооронкулова, Кубанычбек Кадыров, Нурлан Асанбеков жана Перизат Суранованын баш коргоо чарасы каралат.

Эске салсак, 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде: Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.

23-октябрда массалык камакка алуулар башталып, башаламандыкка даярданган деген айып менен 26 адам кармалган.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Кыйноого каршы дүйнөлүк уюм (OMCT), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR), Freedom Now сыяктуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары жана башкалар , Кыргызстанда камакка алынган саясатчыларды жана активисттерди тез арада бошотууга чакырган билдирүү таратты.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости