www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Бишкек шаардык соту Борбордук шайлоо комиссиясынын экс-мүчөсү Гүлнара Журабаеванын үстүнөн түшкөн арызды карады.
Кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, соттук коллегия анын камакта кала турган чечимин окуп берди. Камакка алуу ордери мыйзамдуу деп табылды.
Массалык баш аламандыктарды уюштурган деп айыпталып жаткандар СИЗО-1дин шарты убактылуу кармоочу жайга караганда жакшыраак экенин айтты.
«Камерада менден башка дагы жети адам бар. Албетте, убактылуу кармоочу жайга караганда шарт жакшыраак. Бир гана душ жумасына бир жолу болот. Жанымда отургандар мен айыпталып жаткан ишке тиешеси жок аялдар. Камерадагы полдорду күнүнө эки жолу жууйбуз. УККдагы шарттар боюнча чара көрүш керек», - дейт Гүлнара Журабаева.
Эске салсак, 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде: Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.
23-октябрда массалык камакка алуулар башталып, башаламандыкка даярданган деген айып менен 26 адам кармалган.
Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Кыйноого каршы дүйнөлүк уюм (OMCT), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR), Freedom Now сыяктуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары жана башкалар , Кыргызстанда камакка алынган саясатчыларды жана активисттерди тез арада бошотууга чакырган билдирүү таратты.
Булак: NazarNews.kg