www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Медведевди бошотконунун башкы себеби Медведев өкмөт башчысы болуп туруп, өзүн-өзү көбүрөөк пиар кыла баштаган. Ошол үчүн пиар менен иши жок Мишустинди койгон. Азыр Жапаров да Медведевдин таз кейпин кийди. Кайсы жерге барса да, өзүн-өзү пиар кылып, берки Жапаров унутулуп калды. Ошондуктан ой кетет, атаганат иштемиш болуп атты эле, бул Жапаровдун түбүнө да өзүн-өзү мактаганы көбүрөөк тийе турган болду. Жапаров негизи ким эле?

Жапаровдун биринчи чет мамлекеттеги иш сапары эске түшөт. Ал жылдары президент Аскар Акаев болгон. Бир топ депутаттар Европага иш сапарына барышат, арасында ал кездеги экинчи чакырылыштагы депутат Жапаров да бар. Кыскасы эмне маселе каралганын ким билет, кечкисин мейманканага келгенде Жапаров аракка абдан тоюп алат да мейманканада «дебош» жасап кирет. Акылбек акеңин мындай тентектигинен мейманкана абдан зыян тартат. Парламент депутаттарын жетектеп барган адам Жапаровдун тентектигинен жасаган жоруктарын жаап-жашырып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен келтирген зыяндарын толуктап берет. Депутат Жапаров эбегейсиз зыян келтирген экен.

Жапаров цирктин имаратынын катарындагы борбордогу эң чоң ресторандык комплекстин, ошондой эле, “Айчүрөк” ЦУМунун бир аз төмөнүрөөк жагында жайгашкан 9 кабаттуу административдик имараттын кожоюну болууга кантип жетишкен? Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго карата коомчулукта ишенбөөчүлүк, сын пикирлер күчөп баратат. Ишмердиги, жыйнаган дүнүйө-мүлкү шек санатууда. Акылбек Жапаровго карата коомчулукта ишенбөөчүлүк, сын пикирлердин күчөп баратканы – бул мыйзам ченемдүү эле нерсе. Бул кишинин бир эле “жакшы” сөзү бар: “Ваше превосходительство, Курманбек Салиевич!” деген. Бул – кошоматчылыктын жеткен чеги да! Мындан 40 жыл мурун Африка мамлекеттери ХИПИКке кирген. Ошондо кийген чүпүрөктөрү алигүнчө үстүлөрүнөн түшө элек. Алардын алтын, ж.б. кен байлыктарын чыгарып кетишкен... Ошол мандемге, жакырчылыкка Кыргызстанды сатып жибергенге, шарт түзгөнгө Акылбек Жапаров аябай аракет кылып, аз эле жерден калганбыз. Коомчулук бул терс көрүнүштү унутуп бараткансыйт. Акылбек баатыр кайсы бийлик келбесин тилин таап, жармашып иштеп жүрөт.

Бирок, азыр Садыр Жапаров муну туура пайдаланып атат, элди алдоо көрөңгөсүнөн улам. Анткени, Акылбек Жапаров любой адамды жардан ары түрткөнгө жарайт. Баары бир арты жакшы менен бүтпөйт. Бир топтон бери Кумтөр кенинин айланасында кызуу талаш-тартыштар жүрүп жатат.  Өз кезегинде “10 пайыздык Мистер” деген ат менен эл оозунда таанылган экстра класстагы шылуун Акылбек Жапаров башкы каарманы болгон. Саал кийинчерээк өзүнөн башкалардын бардыгын күнөөлөө менен отко майды Аскар Акаев дагы тамызды.

Акылбек Жапаровдун чуулгандуу өткөн чагын жана авантюристтик кулк-мүнөзүн билгенден улам, ошондой эле, Акылбек Жапаровдун өмүр бою бюджеттик тармакта иштеп, байманасы ашып-ташыган, керек болсо, Атамбаевди параметрлер боюнча алганда, четке таштаган күркүлгө айланганын эске албай туруп, мен ачык булактарда болгон маалыматтарга таянса болот. Анткени, макулдашууга 1992-жылы кол коюлганын, үлүштүн катышы КРдыкы 66.67%, канадалыктардыкы 33.33% болгондугун эске сала кетүү зарыл.

2007-жылы бул боюнча «Лица» гезити мындай деп жазган: 1992-жылы КРнын премьер-министри келишим түзүү үчүн Торонтого учту. Тендерсиз… Ошентсе дагы, анда сегиз ири компания тоо кенин өздөштүрүү боюнча өз кызмат көрсөтүүлөрүн сунушташкан. Ал эми "Камеко" адегенде бизге жыл сайын 400 тоннага жакын уран сатып алуу сунушу менен кайрылган. Ошондой эле, арада ал кыргыз бийлигинен канадалыктарга алтын иштери менен алектенүүгө макулдук берүүсүн өтүнгөн. Бирок, премьерибиз Торонтого учаар алдында 1992-жылы Кыргызстанга биздин өлкөдө кеңири белгилүү Борис Бирштейн келген. Мына ошондон кийин гана "Кумтөр" долбоору кучагын жая баштаган.

Андан ары гезит: «2003-жылдын декабрында, долбоорду реструктуризациялоо башталганда, кайрадан эле Торонтого Финансы министрлигинин статс-катчысы Эмирлан Торомырзаевдин төрагалыгы менен жумушчу топ учуп барган. Жана кызыктуу жагдай, бул топ Торонтодо реструктуризациялоо боюнча принципиалдуу өбөлгөлөр жөнүндө макулдашууга кол коюшкан, антсе дагы, алардын буга ыйгарым укугу болгон эмес. Экинчи дагы бир кызыктуу жагдай, топтун курамына Минфиндин мамлекеттик инвестицияларды тартуу боюнча башкармалыгынын башчысы-финансы министринин кеңешчиси Айдар Акаев дагы кирген. Андан кийин бул макулдашуу 2003-жылдын 31-декабрында өкмөттүн отурумунда кабыл алынган имиш» деп жазат.

«Азыр биз бул күнү өкмөттүн эч кандай отуруму болбогондугун эң сонун билебиз. Өкмөттүн чечими талаш жол менен кабыл алынган. Анан калса, өкмөт мүчөлөрү материалдар менен таанышышкан эмес», - цитатанын соңу.

2004-жылы Жогорку Кеңештин токтомун айланып өтүп, өкмөт канадалык компания менен макулдашат, мунун негизинде канадалык компания толтура таштанды активдерди киргизип, ошону менен өзүнүн үлүшүн 67%га чейин жеткирет. Коом арийне, Акаевдин режиминин канадалык тарап менен бул адилетсиз жана пайдасыз макулдашуусун кызуу талкуулап баштайт. Айтмакчы, Акылбек Жапаров бул макулдашууну даярдоо боюнча комиссияга кирген. Ошол эле убакта Кыргызстандан Кумтөрдөн алынган жогорку сапаттагы алтындын бир жарым тоннасы чыгарылып кеткен жана Австриядан чыккан аферисттер, биздин мурдагы мекендештер бир тууган ага-ини Толстуновдор Аскар Акаевдин кызы менен бирге Венада Ош базарда картошка саткансып, алтынды сатып турушкан. Бул жөнүндө ЖМК далай ирет жазды. Эми кайрадан темага кайрылсак.

2005-жылдагы революциядан кийин Кумтөр маселесин эч ким жаба албай калды жана жаңы бийлик иштин маңызында көз карандылыкка жеткирген макулдашуу боюнча кырдаалды кантип өзгөртүү жөнүндө ойлонууга киришет.

Ошентип сценада кайрадан Акылбек Жапаров пайда болот. Ал өзүнүн досу-партиялашы ошол кезде КРнын премьер министр болуп турган Атамбаевди аны Кумтөр боюнча комиссиясынын төрагасы кылууга көндүрөт. Ал ошентип жыйынтыгында Алмаз Атамбаев кол койгон келишимди даярдайт. Бирок, парламент адегенде анын шарттарын канааттандырарлык деп таппагандыктан, ратификациялабайт. Ошентсе дагы Жапаров мырза келишимди мактап, ошол эле учурда Бакиевке жагалдана калганды унуткан жок. Ооба, Акылбек ошондой тубаса жалагыч болуп туулган экен. Ал ошол эле убакта Кумтөр боюнча жаңы макулдашуу боюнча дайыма пикирин айтып жүрдү. Анын цитаталарын келтирсек: «Бул жарышта бир гана туура чечим бар жана бул Президенттин саясаты», "Эгерде мамлекет башчысы бул маселени өзүнө калтырып койсо, анда баары тең маселе мурдагы учурдагыдай эле чечилип жатат деп эсептеп калышмак".

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости