www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ 30-майда президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен салынган Чолпон-Ата шаарындагы парктын ачылышы болду. Ага президент өзү катышып, сөз сүйлөп баякы 1 миллион сомго курулду делген легендарлуу аялдаманын чуусуна токтолуп, эми анын ордуна 328 миң сомго жаңы аялдама куруларын билдирди. 

Бул тууралуу президент өз сөзүндө:

"Бир жарым ай болуп калды окшойт, Тамчынын аэропортунан чыгып, бери карай кайрылсам, орой сүйлөсөм кечиресиздер жолдун жээгинде бир туалет турат. Туалет сыяктуу аялдама экен. Анан чалып, мобуну ким курду, канча акча коротту, билип мага айткыла десем, Башкы прокуратура 3 күндөн кийин айыл өкмөт Кумтөрдөн түшкөн ачкадан фонддон алып, 840 миң сомго курганын айтты. Мен ал жерге 40 миң түгүл, 20 миңге куруп коёт элем. Анан камалышты. Бүгүн эки-үч эсе төлөп жатышат. 

Мен азыр ал жерге эки жакка кеткен аялдаманын долбоорун жасатып жатам, 328 миң сомго жакшынакай кылып курушат. Жакында 5 күндөн кийин ары-бери өткөндө көрөсүздөр. 

Биз эмне үчүн өнүкпөй келгенбиз? Отуз жылдан бери ушинтип жеп келишкен. Бир нерсе курушса 5-10 жылдан кийин кулап калат, жараксыз болот. Эми мындан ары андай болбойт. Айыл өкмөт башчысы, аким, мэр, министрлерге чейин айтып жатам, баарына эскертүү... Мыйзамдарга өзгөртүү киргизебиз, буга чейин жегенинин ордун толтурса, же эки эсе төксө кутулуп кетчү, эми беш-он эсе кылып төлөмөйүн чыкпайт", - деп айтты. 

Президент ошол эле кезде Тамчы аэропортун курчаган дубалдын бир айга жетпей кулап калганын, аны кургандардын жоопкерчилиги тууралуу ооз ачкан жок. 

Айтмакчы, 1 миллион сомго айыл өкмөт президент айткандай даараткана өңдөнгөн аялдама куруп, акча жеп, элдин ырыскысына кол салып жатышса, мына Базар-Коргондо мектепти 20 жыл мурун бүткөн классташтар 1 миллион сомго классташ кызына баардык шарты менен 3 бөлмөлүү үй куруп беришкен. Ушуну чыныгы мекенчилдик дейт...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости