www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир –Абад деп «Кемпир ыйлаакты» салгандардын арасында Канатбек Исаев да бар. Ал казактарга жер бергенде Токмокто мэр болуп туруп жердин барын бергендердин бири. Кемпир –Абад боюнча жыйын өтүп «секретный» документтер түзүлгөн имиш. Аларды ошол замат сатып муратына жеткендердин арасында Сыймык Жапыкеев, Равшан Жээнбековдор бар. Сыймык мырза шопуру Талант Эшалиев аркылуу төбөсү көккө жетип камалбай турат. Жыйырмадан ашык саясатчы, бейөкмөтчү, блогер, активисттер камакка алынышканы белгилүү. Тергөөчүлөр шакылдата кылмыш иштерин козгошуп, соттор баш коргоо чарасын карашты,кээ бирөө айлап камакка алынышты. “Өлгөндүн өзүнүн шору” дегендей, камалгандар өздөрү кыйналышат, моралдык-психологиялык кысымга кабылышат. “Кемпир-Абадды коргоо” кыймылына бириккендерди Равшан Жээнбековдун жакын адамы, Т... аттуу жардамчысы сатканы чын экен, анткени ал тымызын маалыматтарды берген деп жүрүшөт. Бул боюнча оппозициянын айрым тарапташтарынын арасында талаш-тартыш жаралып Жээнбековго карата жек көрүү сезими пайда болуптур. Анткени, Равшан Жээнбековдун жакын адамы дүңүнөн “туздап” кеткенин билип калышыптыр.

Үлкөн саясатчы Канатбек Исаев жүргөн жерде чөп чыкпайт. Ал саясий карьерасын Бакиевдин бийлиги учурунда баштаган. Дагы бир тууганы Талант Исаев ГАИлекрди омуроолоп башкарат. Исаев кечээ эле Каркыра боюнча илинчекте турганы бышык, Исаев Токмокто мэр болуп турганда шаардын чегиндеги жерлерди атасы Шабдандан ашып түз эле казактардын колуна карматкан. Бул тууралуу кылмыш иши козголуп, байлыктын күчү менен Исаев сүттөн аппак,таптаза чыккан. Ал эми шаардан алыс узабай темир менен тосулган 2000-3000 миң метр жерге кашат орнотулган. Бул кашат Исаевдин жери экен дешип көргөн адамдар баш чайкашат. Шабдан 40 байталга кыргыз жерин казакка бергени угулуп калды, ал эми Канат Исаев канча байталга Токмоктун чек арасындагы жерлерди берди экен? Бийлик алмашканда Токмоктун мэри аны сураганы келе жаткан элден качып, дубалдан секирип кеткени бышык.Бул тууралуу аңтарса толгон материалдар бар. Ал кезде Исаев «хамалеончо» өңүн өзгөртүп түз эле Бабановдун «Республика» партиясына кирип, жанын сактап калган. Бабанов партиянын штабын жетектеген Канат Исаевдин жүргүзүп жаткан былык иштерине нааразы болуп  куугунтуктаганда Чүй облусуна губернатор болуп кетип, 2015-жылы Шакинин «Кыргызстан» партиясын баштап келатып, тууганы Каныбек Иманалиевди тоңколоткон. Бабановдун куугунтуктаганына карабастан 2017-жылы чоң мансап үмтөтүп Бабановду колдогону үчүн бир топ камакта жатып чыкты. Бабановду саткандай эле Атамбаевди сатып анын экс-президенттик укугун алуу үчүн Жээнбековго желдет болуп жүрдү. Жээнбековду сатып, эми «Кыргызстанды» Шакиси менен кошо сатып депутатка талапкер болгон.

Исаевдин чоң атасы Иса орусча Иусус еврей. Иусус еврейден бир нерсе жукканбы же кыргыздын өтө акылдуусубу, таң?! Канат Исаевдин аталары Тынай, анын энеси Дархан, атасы Түлкү. Түлкү менен Үчүке Жаңылды алганы барып, анын жаасына кабылып күм-жам болушат. Түлкүнүн энеси каардуу кемпир экен, күйөөсү Сарысейитттин тилин албай Дарханды кетирет. Дархан бешиктеги баласы Тынайды эмизип жатып Үчүкенин үч баласы күн көрсөтпөйт го деп Таласка кетип башка күйөөгө тийет. Ошол үчүн Солтонбай ырчы Тынайдын балдарын мазактап: «Түшүмдү алгын таруудан, энеңди алгын Саруудан» -деген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости