www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караколдо соода борборунда эркек киши мурунку аялын өлтүрүп, өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«9-ноябрь күнү саат 17:08де Каракол шаардык ИИБнын нөөмөт бөлүмүнө 112 тез жардам кызматынан «Кумтөр» соода борборунда эркек киши аялды бычактап салганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жана шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам топтору жөнөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Ак-Суу районунун 35 жаштагы тургуну К.Э. соода борборунан мурдагы жубайы, Жети-Өгүз районунун 30 жаштагы тургуну З.Ж.га жолугуа калган. Алардын ортосунда сүйлөшүү учурунда чыр чыгып, ал киши аялына жана өзүнө бычак сайган.

Аял алган жараатынан ошол жерден каза болуп, эркек киши оор абалда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жеткирилген. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш болгон жерден буюм далили катары ашкана бычагы алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости