www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Индонезияда өтчү G20 саммитине катышабы?

Орусия президенти Владимир Путин Балиде өтө турган G20 саммитине катышпайт, Москванын кызыкчылыгын ТИМ башчысы Сергей Лавров коргойт. Бул тууралуу Индонезиянын деңиз жана инвестиция маселелери боюнча координатор министринин маалымат катчысы Жоди Махарди билдиргенин РИА Новости жазды.

"Орусия президенти Владимир Путин кийинки жумада Балиде өтө турган "Чоң жыйырмалык" өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусуна катышпайт. Путиндин атынан саммитке ТИМ жетекчиси Сергей Лавров келет, ал сүйлөшүүлөрдүн бирине виртуалдык форматта катышат", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россиянын G20 жана АТЭС саммиттерине катышуусунун ар кандай форматы каралып жатканын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости