www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Жерүйдөн" атайын ишкерликке делип бөлүнгөн каражатты кымырган коррупциялык схемага шектелип камалган Талас облусунун мурдагы губернатору Бакытбек Нарбеков 2 миллион сом төгүп түрмөдөн чыкканы айтылды. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев: "Коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталат. Коррупцияга айыпталып камалган коррупционерлер мындан ары абактан чыкпайт, ичкен-жегенин он эсе төлөйт, үй-мүлкү, тапкан ташыганы мамлекетке алынат", - деди эле, анын бири жок го?.. Айткан сөзү менен иш жүзүндөгү факты эки ача чыгып жатат. Эки миллион сом төлөп чыкты деген Бакытбек Нарбековдор мамлекетке 7 миллион сомдук зыян келтирилген делип камалышкан. Анан жеген-ичкенинин азганактай бөлүгүн төгүп жазадан кутулуп кеткени кандай? Ошондо Ташиевдин сөзү, убадасы суу кечпей калдыбы?

Жер-Үй алтын кени – Талас районунда, Кара-Ой кыштагынан 26 км аралыкта, Талас кырка тоосунун Түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3205-3710 метр бийиктикте жайгашкан. 1969-жылы табылган. 1974–84-жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, кору бекитилген. Кен аймагы кембрий-ордовик мезгилиндеги кварцтуу диориттерден, кварцтуу сиенит-диориттерден, монцодиориттерден, дайкалар менен жирелген рифейдеги мраморлордон, доломиттерден, сланецтерден, филлиттерден жана ордовиктеги аларды жаап жаткан андезиттүү порфириттердин туфтарынан турат. Кенташ линза, уя, тарам, тарамча түрүндөгү алтындуу кварц, метасоматоз жолу менен кварцташкан тектер менен байланышкан. Кенташ тулкуларынын чогулушу штокверктерди түзөт. Негизги минералдары: нак алтын, висмутин, пирит. Алтындан башка күмүш, висмут кездешет. Кен таштагы алтындын орточо өлчөмү 6,3 г/г запасы 74,684 тонна.

Бүгүн Таластагы Жерүй кенинде алтын ылгоочу фабриканын ачылышына президент Садыр Жапаров барып катышкан, ал эми орус президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында күбө болуп, куттуктоо сөзүн айткан.

Жерүй Кыргызстандагы Кумтөрдөн кийинки эле экинчи ири алтын кени. 2015-жылы кенди иштетүүгө лицензияны 100 миллион долларга россиялык "Восток-добыча" компаниясы сатып алган. Кенди анын өзү ачкан "Альянс Алтын" компаниясы иштетип жатат.

Компания мамлекетке бир нече салыктын түрүн төлөйт. Талас облусун өнүктүрүү фондун каржылайт. Бирок долбоордо мамлекеттин үлүшү такыр жок.

"Альянс алтын" ишканасы Кыргызстанга берген негизги пайдасы катары эл аралык соттогу доо чыгымдарын жаап бергенин көрсөтүүдө.

«Күн карама» талдоочу Шерадил Бактыгулов "Альянс Алтын" Кыргызстан үчүн эң эле ылайыктуу инвестор дейт: "Бул жерде абдан чоң маселе бар. Каражат бар, аны жакшы, ачык-айкын колдонуу керек, уурдамай болбош керек. Акча түшүп жатканда, он пайызы элге жетсин, токсон пайызын жеп салалы деп тизилип калбаш керек. Андай болсо инвестор ишканалар бизге ишенбей калат. Силерге бербей эле коёлу, баары бир жеп саласыңар дейт да".

Жерүйдөгү алтындын запасы 84 тонна, андан башка он тонна күмүш бар.

2020-жылыоктябрда бийлик алмашкан массалык тополоң окуялар учурунда белгисиз топтор Жерүйдөгү кампалар менен кеңсени өрттөп кеткен. "Альянс Алтындын" директору Михаил Шубин баш-аягы Жерүйдү ишке киргизүүгө 800 млн доллар жумшалганын билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости