www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр биздин өлкөдө эмне арзан, эмне кымбат?..

Айта берсе арман көп. Элибиздин түшүнүк, баалуулуктары ыкчам өзгөрүп жатат. Улуттун наркы, рухий дөөлөттөрү, намыс, чындык арзандап, материалдык дүйнө, күнүмдүк жашоо, жалганчылык кымбаттап кетти. 

Элдин көкүрөгү, жан-дүйнөсү ач калды. Элдин аң-сезими көр тиричиликке байланып, материалдык баалуулуктардын куну өстү. Экономикалык кыйынчылыктан улам, эл күнүмдүк кара курсактын кайгысы менен жашап калды. 

Мамлекет элдин жонунан кайыш тилип, экономиканы салык аркылуу көтөрөбүз деген саясатка өттү. Баары кымбаттап, береке кетти. Элдин кунары учту. Туш-тарабың агрессия. Ишеним жоголду. Чындыкты жалган минип алды. 

Азыр бирөөгө кылмыш ишин козгоо, бирөөнү камап коюу, бирөөнү өлтүрүп коюу, мыйзамсыздык, эч кыйынчылык жаратпаган эң арзан иш болуп калды. 

Жашоо болсо кымбат. Ичээр сууң, жеген азык-түлүгүң, баскан жол кирең кымбат. Жаккан светиң, түшкөн лифттиң, куйган бензиниң, барган туалетиң, чыгарган таштандың, төлөгөн айып пулуң кымбат. Баарынын тарифи өстү. Бир гана элге түзүлгөн шарт өскөн жок. 

Баягы арстанга кирген из бар, чыккан из жок дегендей, элден алган салым көп, берген эч нерсе жок.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости