www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевдин учурунда кыргыз тилинин өнүгүүсүнө чоң өбөлгө жаратчу жакшы иш жасалды. 

Бул, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик тил» жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынганы. Көптөн бери айтылып, жазылып келе жаткан маселе ишке ашты. Буюрса, мындан ары кыргыз тилин өнүктүрүү багытында саясат жакшырат деп ишеним арталы. 

Анткени жаңы кабыл алынган мыйзам долбоору мамлекеттик тилди колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк берет. 

Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев: “Тарыхый мыйзам долбоор 34 жылдан кийин кабыл алынып жатат. Президент мыйзамга кол койсо, мыйзамдын иштеп кетишине биз толук күчүбүздү жумшайбыз”, — деп билдирди. 

Аталган мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик кызматкерлер сөзсүз түрдө «Кыргыз тесттен» өтүшү керек болот. Алардын мамлекеттик тилди билгени боюнча беш деңгээлде бааланат — А1, А2, В1, B2, С1. Тестти В1 деңгээлинен төмөн тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер токтомдун талабы менен жумуштан бошотулат...

Эми бул мыйзам кынтыксыз иштеп, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө болгон бут тосмойлор жоюлушу милдет. Ансыз болбойт. Кыргыз мамлекеттинде кыргыз тили корголбосо, өнүкпөсө, башка жерде эч ким өнүктүрбөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости