www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун курууда 104 миллион сомду кымырып алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырып жаткан баасы 17 миллион 763 миң 85 долларды түзгөн Бишкек  Кара-Балта унаа жолунун 15,9-61-чакырымындагы курулуш-реабилитациялоо иштеринин көлөмү жана жол катмарынын үлгүлөрү текшерилди.

Жыйынтыгында 450 көчө жарыктандыруу үчүн лампалары бар металл мамылардын, 36 парапеттин, 2 аялдаманын, орнотулган темир торлордун, А тибиндеги асфальт-бетондун жана башка мүлктүн жетишсиздиги, ошондой эле жолго жыштыгы төмөн болгон асфальт төшөлгөндүгү аныкталган.

Натыйжада мамлекетке 104 миллион 81 миң 600 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости