www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомчулукта өзгөчө бир тенденция калыптанды. Дегенибиз, мамлекеттик олуттуу маселелерди чечүү үчүн сөзсүз түрдө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке кийлигишүүсү талап кылынат. Ансыз маселе чечилбейт.
Мамлекеттик кызматкерлерде кандай гана мыйзам бузуу, коррупция, кызматтык шалаакылык болобу, Ташиевдин катуу айтканын, көзүнө сайып көрсөтүп талап койгонун күтүп отура бермей адат пайда болду.
Бул көрүнүш коомдук аң-сезимде кызыктай парадокс жаратты. Мамлекеттик институттар жеке бир адамдын чечкиндүүлүгүнө таянып калса, анда система кандайча өз алдынча иштейт? Ташиев барган жерде көйгөй тез чечилип, тартип орногон менен, ошол эле учурда чиновниктердин өз алдынча жоопкерчилик алуусу, демилге менен иштөөсү солгундап баратканы эл арасында тынчсызданууну жаратууда.
Коомдук талкууларда да “өлкөдө бир гана адам иштеп жаткандай” деген түшүнүк өкүм сүрүүдө. Албетте, чечкиндүүлүк жана жоопкерчилик жетекчи үчүн баалуу сапат. Бирок системанын чыныгы туруктуулугу анын бир адамга эмес, институттардын ырааттуу, көз карандысыз иштөөсүнө таянганда гана камсыз болот.
Андыктан, мамлекеттик кызматкерлер талапты күтүп, айдатмага айланып калбай, өз милдетин так жана үзгүлтүксүз аткарган деңгээлге чыгышы керек. Эгер ар бир көйгөйдү чечүү үчүн сөзсүз Ташиев өзү барып айтышы керек болсо, анда системанын, мыйзамдын кереги барбы деген суроо туулат?