www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупция фактысы боюнча “Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы” мамлекеттик мекемесинин башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК 2022-2024-жылдары Чүй облусунун Жайыл районундагы “Петропавловск” каналын капиталдык оңдоо учурунда аныкталган коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, шаар куруу мыйзамдарын бузууларды жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууну аныктап, мамлекетке 12 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин маалымдайт.
Тергөөнүн алкагында, КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматына караштуу мамлекеттик мекеме болгон “Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгынын” башчысы (Суу ресурстары кызматынын мурдагы убактылуу директору) 1965-жылы туулган Р.М.О. аттуу КР жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.