www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жакында реновация боюнча мыйзам долбоору даяр экенин жарыялады. Анын айтымында, бул мыйзам эски көп кабаттуу үйлөрдүн ордуна жаңы турак жайлар курулуп жаткан учурда жарандардын укуктарын коргоону көздөйт. Анда кенемтенин тартиби, сатып алуу жолдору жана компаниялардын жоопкерчилиги так көрсөтүлмөкчү. Долбоор жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешке сунушталары айтылды.
Бирок коомдо буга байланыштуу күмөн саноо басылбай турат. Себеби мамлекеттик органдардын бирдей жана калыс мамиле кылаарына ишеним аз.
Буга министр Орунтаевдин Нариман Түлеевге таандык делген курулуш объектисине байланышкан кырдаалды мисалга алсак жарашат. Айталы, мыйзам талаптарын катуу талап кылып келген министр Түлеевдин белгиленген долбоорго жана эрежелерге дал келбейт деген дооматтар айтылган курулушуна өзү барып чара көргөн жок.
Орунтаевдин Түлеевдин курулушуна байланышкан маселеге абайлап аяр мамиле жасап, көрсө көрмөксөн, укса укмаксан болуп, билмексенге салып унчукпай келгени, качан гана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барып реакция жаралганда буту күйгөн тооктой чуркап калганы, коомчулуктагы “кош стандарт”, “кимдир бирөөгө катуу, кимдир бирөөгө жумшак” деген калыстыгы жоктугу тууралуу айтылган сөздөрдүн аныктыгын айкын көрсөттү.
Эгер мыйзам баарына бирдей болушу керек десек, анда анын аткарылышы да баарына бирдей болушу шарт. Жөнөкөй жаранга катуу талап коюлуп, таасирдүү адамдарга келгенде тынчсыздануу, этияттык же көрмөксөн мамиле байкалса, реновация сыяктуу олуттуу реформага кантип ишеним артууга болот?
Реновация — шаардык чөйрөнү жаңылоо мүмкүнчүлүгү. Бирок бул процесстин ийгилиги мыйзамдын сапатынан гана эмес, аны колдонуудагы адилеттиктен, калыстыктан жана ачык-айкындуулуктан түзүлөт. Коом бүгүн күткөн нерсе дал ушул.