www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңил-желпи, бульвардык чыгармаларды жазган Чолпонбек Абыкеев менен театр таануучу Жаныш Кулмамбетов Кыргыз эл жазуучулары катары сыйлык алышты. Чекилик кеткени алдыртан айтылууда. Эми кандай тандоо болгонуна калк баасын берет дечи, бирок, бул экөөнөн алда канча кызыктуу аңгеме, повесттерди жазышкан, чыгармачылык деңгээлдери жогору Бейшебай Усубалиев, Абдиламит Матисаков, Жылкычы Жапиев сыяктуу жазуучуларыбыз четке сүрүлүп, мамлекет тарабынан бааланбай калганы өкүндүрөт. Качанкыга чейин мыкты калемгерлерди көрмөксөнгө салабыз? Өкүнүчтүү. Акыры салыштыруу менен акыйкатка жетебиз да. Чолпонбек Абыкеев менен Жаныш Кулмамбетовго караганда, береги үч үлкөндүн – Бейшебей Усубалиевдин, Абдиламит Матисаковдун, Жылкычы Жапиевдин руханий баалуулуктары алда канча бийикте экени талашсыз. Буларды биз бүгүн баалабасак, эртең тарых алкап алат...

Булак: Азия News гезити

Последние новости