www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Талибан» кыймылы (Кыргызстан жана башка мамлекеттерди тыюу салынган уюм) кечээ, 1-сентябрда Эгемендик күнүнө карата Өзбекстанга куттуктоо жолдоду.

«Талибандан» келген куттуктоону өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Telegram-каналына чыгарды.

«Өзбекстан Ооганстандагы тынчтык орнотуу процессине жигердүү катышууда. Биздин өлкөнүн конструктивдүү ролун Ооганстандын азыркы жетекчилиги да таанып жатат. Ага Ооганстан ислам эмиратынын сүйлөшүү тобунун мүчөсү жана «Талибан» кыймылынын саясий кеңсесинин маалымат катчысы Мохаммад Сухейль Шахиндин өз жетекчилигинин атынан биздин өлкөнүн Эгемендигинин 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо жолдогону далил боло алат», — деп белгилейт министрлик.

Куттуктоодо «Талибан» кыймылы Өзбекстан менен достук алакада болууну каалай турганы айтылат.

«Боордош Өзбекстан элин жана жетекчилигин Көз карандысыздык күнү менен куттуктайбыз. Биз коңшу Өзбекстан менен жемиштүү жана достук алаканы түзүүнү каалайбыз. Өзбекстандын катышуусу менен жүргүзүлүп жаткан инфраструктуралык долбоорлордун, алсак, темир жол жана электр линияларынын курулушунун улантылышын колдойбуз. Бул багытта Ооганстан Ислам Эмираты биздин өзбек өнөктөштөргө керектүү колдоо көрсөтөт», — деп айтылат куттуктоо катында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости