www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Унута элек болсоӊор мындан бир жума мурун юрист, эксперт, БШКнын азыркы мүчөсү Кайрат Осмоналиев пресс жыйын өткөрүп, Бишкек шаарынын Скрябина 45, 45а дарегиндеги Максим Бакиевдин жерине, депутат Садык Шер Нияздын тууганы Баткен Шерниязов ээлик кылып, ал жерден айына 20-30 миӊдеген доллар пайда таап жатат деп жар салган. Баасы 2 миллион долларды чапчыган 1, 28 гектар Бакиевдердин жер тилкесин, “бийлик кантип эле Шернияздарга кармата салып карап отурсун” деп, көпчүлүк буга таӊ калган. Көрсө мунун баары караандай калп экен.
Баткен Шерниязов эмес, дегеле Шерниязовдордун бул жер тилкесине такыр тишеси жок болуп чыкты. 2013-жылы бул жер Башкы Прокуратуранын чечими менен улутташтырганга чейин убактылуу сактап туруу үчүн Бектурсунов Нурсейит деген жарандын көзөмөлүнө өткөрүлүп берилген. Азыр ал жер аянтында эч кандай ири бизнес жоктугу далилденди.
Болгону Скрябина көчөсүндө жайгашкан “Байтур” мончосуна келген кардарлардын унаасын токтотуучу, 20-30 унаа араӊ батчу “Авто стоянка” гана болбосо, жер тилкесинин көпчүлүк бөлүгүн мурдагы имараттын уранды дубалдары басып жатат. Муну, жерге көзөмөл кылуу үчүн атайын мамлекет тарабынан дайындалган Нурсейит Бектурсунов дагы, Аки Пресс маалымат агенттиги аркылуу өзү ачыктады. Пресс жыйынга катышкан серепчи Бакыт Бакетаев дагы Кайрат Осмоналиев менен бирдикте мурда тараткан маалыматы калп болуп чыкканын кошумчалады.
Булак: PravdaNews