www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов өлкөнү эмес, өзүн гана ойлойт

Байлыгы, акчасы арбын экенин далилдегиси келген эргул: “Президенттикке чыга турган талапкердин БШКга койгон күрөөсүнүн суммасын 500 млн. сом кылыш керек”-деп агынан жарылды. Ошондо, анын логикасы боюнча Президент болчулар жалаң күркүл адамдар болушу керек экен. Белгилүү болгондой  Кыргызстанда Президент болобуз дегендердин басымдуу бөлүгү мамлекеттик кызматтарда иштеп, эл байлыгын ичип-жеп, байыгандар. Президент болот элем деп кыялдангандардын арасында өзү да бар.

Бабановдун деле башынан ашкан байлыктары мөлтүр таза эмес, арасында коррупция жыттанганы, арам аралашкан айрым мүлктөрү бар экени да айтылып келет. Кыскасы, Бабановдун акча жыттанган “акылы” жалпы элге жаккан жок. Президенттикке канча талапкер чыкса, ошончосу чыга берсин, татыктуусун эл тандап алаар. Андан мамлекет зыян тартпайт.

Бабановдун дагы бир кадамы спикер Чыныбай Турсунбековду кетирем деп ээликкени болду. Бирок аз күн өтпөй, анысынан айнып, көп учурда көп маселе жана мамлекеттик чиновниктер боюнча  эки башка позицияда боло жүргөнүн бул ирет дагы иш жүзүндө аныктап койду.  Жыйынтыгында спикер менен бирге жыйын куруп, бул маселени жымсалдап койду. Спикер менен эмне деп сүйлөшкөнү, же “соодалашканын” жашырып койду. Бабановдун спикерди кетирем дегенинде башка кеп бар болчу дегендер да аны ачыктай алышпай, оозун кармап кала беришти. Ал кеп деле көп өтпөй ачыкталып калышы ажеп эмес.

Булак: Багыт.kg 

Последние новости