www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бабанов дагы «Кумтөр»боюнча суракка чакырылды» дегенибиз менен камалып, жеп-ичкенин кусабы же дагы элди алдап, суудан кургак чыгабы?, - деген маселе бар.
Дегенибиз, Бабановдун кызарган жерди үзүп алаарын, ал турсун парламентке келип алгандан кийин партиялаштарын сызга отургузганын, Өмүрбек Бабановдо баарынан кызыкчылык жогору тураарын аны жакындан билгендер аңыз кеп кылып айтып жүрүшөт.
Бабанов жеке кызыкчылыгы үчүн бүтүндөй Талас элинин ден-соолугун, жерин тобокелге салып, Атамбаевдин тилин таап, ортомчулук милдетти аткарып, «Жер үй» алтын кенин Орусиянын миллиардери Муса Бажаевге 100 миллион долларга бердирип, Кыргызстанды бир пайыз үлүшү жок калтырууга жетишти.
Ошондон бери аны мактагандардан да, андан кооптонгондор көбөйдү. Эми Кумтөр кени боюнча камакка алып, кантип Кыргызстанды Жерүйдө үлүшсүз калтырганы боюнча да сурак жүргүзүп, жеп-ичкенин кустурушса, азыркы бийлик тарыхта алтын тамга менен калмак.
Баса, алдаган жагынан алдыга ат салдырбаган Бөтик, УКМКнын тили менен айтканда «кармалдыбы» же «камалдыбы» айтор, Ташиевди дагы алдап койбойт бекен ыя?
Булак: NazarNews.kg