www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик тарых музейин оңдоп-түзөө иштери талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында баяндама жасаган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү музейдеги оңдоп-түзөө иштерин эки баскычта жүргүзүү мерчемделгенин белгиледи.

«Биринчи баскычта имараттын сырткы бөлүгү, экинчи баскычта ички бөлүгү оңдолмок», - деди ал.

Талкуу маалында депутат Кожобек Рыспаев оңдоп-түзөө иштери боюнча мамлекет тарабынан кимдер келишимге кол койгонуна кызыкты.

Министрликтин өкүлү Түркия белек катары акча бөлгөнүн белгилеп, суроого так жооп бере алган жок.

«Белекке берилген каражатты да натыйжалуу пайдаланбай, кайдигер мамиле жасалгандыгы өкүндүрөт. Тилекке каршы музей беш жылдан бери ачылбай турат. Андыктан бул аралыктагы чыгымдар үчүн да тиешелүүлөрдүн жоопкерчилигин карашыбыз керек», - деди Рыспаев.

Ал эми депутат Чынара Урумкалиева экспонаттар да атайын желдеткичтин жоктугунан талкаланып жатканына токтолду.

«Бул боюнча кимге кайрылдыңар?», - деп суроо салды ал.

Музейдин өкүлү тиешелүү жактарга кайрылышканын кошумчалады.

Талкуунун соңунда Министрлер кабинетине бир катар сунуштар берилип, анын ичинде музейди ушул жылы 31-августта ачуу керектиги айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости