www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев алгач ишин Улуттук гвардияда кызмат өтөө менен баштаган. Үч жылга жакын Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп, ага лейтенант аскердик наамын алганга жетишкен. Качан гана 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановдун жардамчылык кызматына сунуш түшкөндө эч ойлонбостон барып, 2 жылдай эл өкүлүнө жардамчылыкты аркалаганы бар. Ошону менен Өмүкөгө жармашып жүрүп, 2012-жылы Бабанов премьер-министр болгону Жээнчороевге кайрадан оомат ооп, өкмөттөгү бир бараандуу бөлүмдүн жетекчисинин орун басары, андан соң «Республика» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон жайы бар.

Бир кездеги Мирландай жардамчысынын жакшылыгын жерде калтырбаган Өмүрбек Бабанов 2015-жылы аны Шаардык кеңештен, Жогорку Кеңешке өздүк партиясы менен кайрадан депутат кылган. Муну менен эле чектелбеген Бабанов өткөн жылы чоң саясаттан кеткендигин расмий билдирип, ордуна бир кездеги жардамчысы Мирлан Жээнчороевди партиясынын лидери, саясаттагы ордун баса турган фигура катары калтырып кетти. Кезегинде Бабановдун бутуна чырмооктой оролуп жүрүп чоң саясатка келген Мирлан Жээнчороев мындан ары шефинин үмүтүн актап, ага татыктуу мураскерликти аркалай алабы? Бүгүнкүдөй илең-салаң жүрүшү менен ташыркап калбаса болду го балакай.

Булак: Dе-Факто

Последние новости