www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук Гвардиянын 79 аскери (төртөө резевр) 24-июнда Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышууга чакыруу алып, даярданып жатышканы белгилүү болгон. Бирок бүгүн, 12-июнда Улуттук Гвардиянын парадга бара турган жоокерлеринен коронавирус аныкталды деген маалымат чыккан. 

Бул тууралуу Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынан маалымат беришип, Улуттук Гвардиянын аскерлеринен коронавирус аныкталгандыктан Москвадагы парадга бара турчу 75 жоокер алмаштырыла турганын айтышты.

Маалыматка ылайык, коронавирус Россиянын борборундагы иш-чарага катыша тургандардын арасында эмес, гвардиянын ичиндеги башка аскер бөлүктө аныкталган. Бирок бир имараттын ичинде бардыгы болгондуктан байланышта болушу мүмкүн деген кооптонуунун негизинде парадга жөнөй тургандардын курамы өзгөртүлөт.

"Учурда канча аскер, кантип жуктуруп алганын айтуу кыйын. Бейтаптар ооруканага жеткирилип, байланышта болушу ыктымал делген жоокерлер гвардиянын ичинде обсервацияга алынды. Илдеттин тездик менен жайыларын эске алып маанилүү иш-чарага Улуттук гвардиянын ичиндеги эмес, Куралдуу күчтөрдүн башка аскер бөлүгүндөгү кызматкерлер барат деген чечим кабыл алынды. Ал жакта мурдатан резерв катары эки курам даярдалган, ошонун бирөөсү барат", — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости