www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы дүйнөлүк миллиардерлер Кыргыз Республикасынын жылдык бюджетин кепек ордуна көрүшпөйт. Керек болсо биздин Атамбаевге окшогон миллиардерлерди короосун шыпыртып коюшат. Мульти –миллиардер Атамбаев бир убакта дерделеңдеп мактанган: «Мен мульти –миллионер» кезимде Путин Собчактын чемоданын көтөрүп жүрчү» деп. Чындыктын жышааны бар, Атамбаев кыргыздын темирин Кытайга сатып мульти-миллионер болгон  кезинде Путин Ленинграддын мэри Собчактын кол алдында иштей турган.

Искандер деген байыркы дүйнөдө көзү тойбой өткөн, ал Греция, Европаны эңкейтип, Азияга кирип келип Персияны тоңкойтуп, Самаркан, Бухараны сапырып Арсланбабга чейин кирип келген. Ач көз Искандерден кыргыздар тоого чыгып кутулуп кетишкени менен Арсланбабдагы жаңак токойунан алып кетип, азыр грек жаңагы деп аталат. Ал алтынга бай Индиянын ташын талкан кылып, аягында отуздан өтө берип көз жумган. Өлөрүн сезген Искандер Зулкарнайн мен ааламдын алтынына бүт эгедер болдум, өлүп калсам бары бир мага алтындын кереги жок,мен тойбойм кеттим,  менин колумду сундуруп элди аралаткыла деген мурас калтырган экен. Азыркы миллиардерлер Атамбаевге окшогондор элди ойлобой капчыгын ойлоп жүрүшүп, мамлекетти Кытайга салып беришти. Атамбаев байыды, ал эми мамлекет жакырланып баратат. Азыр Атамбаев камакта жатып алып кыргыз элинде будуң-чаң чыгаргысы келип турат. Атамбаев менен учурдагы батышчыл президенттик аппарат жетекчиси Сүйүн Касмамбетовго окшогондор кандай жол менен байыганы жана бул экөөнү ушул күнгө чейин кайсы жип бириктирип турганы  тууралуу маалыматтар болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости