www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--“Садыр Жапаровдун азыркы иштери толук канааттандырбайт. Ал болушунча аракет кылып жатат. Анын саясий деңгээлин, сабаттуулугунун деңгээлин жакшы билебиз. Учурда тышкы саясат менен алектенип жүрөт. Жылыштар бар, айланасына жакшы кадрларды алышы абзел. Кыргызстан тышкы саясатты бекемдебесе тышкы саясат солгундап кеткен. Буга өлкөдөгү саясий окуялар себеп болду. Ошону менен катар пандемия дагы чоң таасирин тийгизди.
Ал эми 10-январдагы шайлоо жарым легитимдүү болду. Себеби, президент бар, бирок депутаттардын мөөнөтү октябрь айында эле бүткөн. Ошого байланыштуу кийин депутаттардын кабыл алган чечимдери мыйзамсыз болуп калат. Бул убагы келгенде талаш-тартыш маселеге айланат. Андыктан баары легитимдүү болушу керек болчу”, - дейт серепчи.
Булак: NazarNews.kg