www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден 1-февраль, дүйшөмбү күнү мамлекеттин тышкы саясатына болгон көз карашы боюнча сөз сүйлөөгө ниеттенүүдө.

Америкалык лидер өзүнүн пландарын Мамлекеттик департаментке мурда жарыяланган иш сапары учурунда жарыялайт, ал жерде Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен менен жолугушат.

Байден ошондой эле, бир катар тышкы саясий жарлыктарга кол коймокчу. Тактап айтканда, Дональд Трамптын тушунда бөлүнүп калган мигранттардын үй-бүлөлүк биригүүсү боюнча жумушчу топтун түзүлүшүн камсыз кылган документ жөнүндө сөз болуп жатат.

Белгилей кетсмек, буга чейин Джо Байдендин администрациясы башка өлкөлөргө курал сатуу боюнча бир катар келишимдерди токтоткон. АКШнын Мамлекеттик департаменти «коргонуу секторундагы айрым бүтпөй калган жеткирүүлөрдүн жана бүтүмдөрдүн аткарылышы токтоп калды» деп түшүндүрдү. Мамлекеттик департамент муну «жаңы жетекчиликке баа берүү мүмкүнчүлүгү» зарылчылыгы менен байланыштырат, бул жаңы администрация башталганда кеңири тараган процедура.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости