www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда окуучу кыз келбетин куурчакка окшоштуруу үчүн 100гө чукул пластикалык операция жасатып, соцтармакта атагы чыкты. Бул туурасында Oddity Central порталы жазды.

16 жаштагы Чжоу Чуна хирургга алгач 13 жашында кайрылган. Андан бери үч жылдын аралыгында жүздөн ашуун пластикалык операция жасатып, Барби куурчагына окшогусу келген.

Ал мунун себебин табигый сулуулугу өзүнө жакпаганын жана келбетин классташтары шылдың кылганы менен түшүндүргөн. Окуучу кыз көзү өтө кичинекей, ал эми мурду аябай чоң экинине ызаланган.

«Алгачкы ирет сурма жасаткандан кийин адамдар мага жакшы мамиле жасай башташты. Ошондо гана мен пластикалык хирургиянын пайдалуулугуна ынандым», — деп айткан Чжоу Чуна.

Андан соң ал мурдун кичирейтип, көзүн жана төшүн чоңойтуп, денедеги ашыкча майларын алдырып, эринин шишиткен. Аталган процедуралардын баарына кыздын ата-энеси 620 миң доллар сарптаган.

Деген менен бир нече ирет жасалган операция анын саламаттыгына терс таасирин тийгизени аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости